Эл аралык уюмдар Баткенге жардам көрсөтүшөт

Эл аралык уюмдар Баткенге жардам көрсөтүшөт

Бүгүн, 16-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде Баткен облусундагы куралдуу кагылышууга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүчү координациялык топтун отуруму болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Отурумда Координациялык топтун тең төрагасы, Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов Баткен облусунда Тажик Республикасынын куралдуу күчтөрү КРнын чек арасына кол салгандыгын айтып, анын кеспетинен жабыр тарткан жарандарды эвакуациялап, коопсуз жайларга жайгаштыруу жана аларга комплекстүү жардам көрсөтүү тууралуу билдирди.

“Жыйынга аталган координациялык топтун тең төрагасы, Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы координатору Антье Гравен жана бир топ катышуучуларынын Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуудан жабыр тартып, үй жайын калтырып коопсуз жайларга көчүрүлгөн айыл тургундарына ар тараптуу жардам көрсөтүү сунуштары талкууланды”, – деп айтылат маалыматта.

Натыйжада, өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүчү координациялык топтун өкүлдөрү жабыр тарткан жарандарга комплекстүү жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдиришип, аны аткарууга атайын иш планы түзүлдү.

Мындан сырткары, эл аралык уюмдардан турган топ жерине барып, окуянын кесепеттерин көрүү жана анализ жүргүзүү боюнча сүйлөшүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Жалал-Абаддагы "Манас" сейил багы 6 млн долларга жаңыланды

Жалал-Абаддагы "Манас" сейил багы 6 млн долларга жаңыланды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу жаңыланган "Манас" сейил багын көрүп чыкты. Жалпы аянты 5,3 гектарды түзгөн мурдагы "Жеңиш" эл алуу багы 6 миллион долларлык инвестициянын негизинде толугу менен жаңыланды. Долбоордун алкагында сейил бакка 27

Таш-Көмүрдө архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Таш-Көмүрдө архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Таш-Көмүр шаарында архитектура башкармалыгынын жаңы имаратынын расмий ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев катышты. Маалыматка ылайык, жаңы имарат министрликтин материалдык-техникалык базасын чыңдоо

Кыргызстан менен Швейцария каржылык өнөктөштүктү чыңдоону көздөйт

Кыргызстан менен Швейцария каржылык өнөктөштүктү чыңдоону көздөйт

Каржы министри Руслан Суйналиев Швейцариянын Экономика маселелери боюнча мамлекеттик катчылыгынын Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү бөлүмүнүн жетекчиси, өкмөттүн соода келишимдери боюнча өкүлү Пьетро Лаццери менен жолугушту. Министрликтен билдиришкендей, тараптар Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы финансылык-экономикалык кызматташуунун учурдагы абалын жана келечектеги багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл чакан экономиканы колдоо, мамлекеттик башкарууну өнүктүрүү жана

Коомдук талкуу: Баткен окуяларын "Баткен согушу" деп таануу демилгеленди

Коомдук талкуу: Баткен окуяларын "Баткен согушу" деп таануу демилгеленди

Кыргызстанда 1999–2000-жылдардагы Баткен окуяларын расмий түрдө "Баткен согушу" деп таанууну сунуштаган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Мыйзам долбоорунун демилгечиси — эл өкүлү Болот Сагынаев. Ал "Согуштун ардагерлери, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө" мыйзамга Баткен согушунун ардагерлерин киргизүүнү сунуштоодо. Долбоорго ылайык, бул макам 1999–