Кыргызстандын жана Тажикстандын УКМК башчылары ок атууну токтотуу жөнүндө макулдашышты

Кыргызстандын жана Тажикстандын УКМК башчылары ок атууну токтотуу жөнүндө макулдашышты

Кыргызстандын жана Тажикстандын УКМК башчылары ок атууну токтотуу жөнүндө макулдашышты. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

“Кыргызстандын жана Тажикстандын УКМК башчылары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов ок атууну саат 16:00дө токтотуу жөнүндө макулдашышты”, – деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле тиешелүү кызмат буга чейин Баткендеги абал боюнча маалымат таратууда жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырган.

“Айрыкча аскерлер жана аскердик техникалардын жайгашкан жерлерин, алардын жылып жүрүүсүн чагылдырбоону өтүнөбүз. Учурда Чек ара кызматы жана башка түзүмдөр күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда жана түзүлгөн кырдаалды тезирээк чечүү аракетин көрүүдө.

Башка учурда болсо мейли, бирок ушундай оңой эмес кырдаалда айрым блогер, журналисттердин кыргыз Куралдуу Күчтөрүнүн дараметинен күмөн санаган (кыргыз аскерлеринин унааларында бензин жок калыптыр деген сыяктуу) пост, билдирүүлөрдү чыгарып жатканы өкүндүрөт. Анткени, бул жалган жана чагымчыл маалымат.

Кыргыз жоокерлери материалдык-техникалык жактан толук камсыздалган. Кыргыз тарапта тажик тараптын агрессиясына жараша жооп бергенге аскердик да, курал-жарак, техникалык да күчтөрү жетиштүү. Ошондой эле, Сиздерден такталбаган маалыматтарды таркатпоону суранабыз”, – деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары окуңуз

"Финансылык Альянстын" лотереясы: акцияларга инвестиция салыңыз жана баалуу байгелерди утуп алыңыз

"Финансылык Альянстын" лотереясы: акцияларга инвестиция салыңыз жана баалуу байгелерди утуп алыңыз

Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу — "Финансылык Альянс" ЖЧКсы "Инвестиция сал жана утуп ал" аттуу стимулдаштыруучу лотереяны өткөрөт. Лотерея 2026-жылдын 25-августунан 25-сентябрына чейин жана 26-сентябрынан 26-октябрына чейин эки этапта өткөрүлөт. Байге фондунун жалпы суммасы — 629 630 сом. "Инвестиция сал жана утуп

Жалал-Абадда турак үйдүн үстүнөн жүк өткөргөн ишкана 35 миң сом айып пул төлөйт

Жалал-Абадда турак үйдүн үстүнөн жүк өткөргөн ишкана 35 миң сом айып пул төлөйт

Манас шаардык мэриясына түшкөн арыздын негизинде Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын аймактык башкармалыгы жеринде текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүүдө "Башталыш Гранд" ишканасынын курулушуна жакын жайгашкан турак үйдүн үстүнөн жүк өткөрүлгөнү аныкталды. Аталган мыйзам бузуу боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодекске

Ноокаттагы 300 окуучуга ылайыкталган мектепте 830 бала билим алууда

Ноокаттагы 300 окуучуга ылайыкталган мектепте 830 бала билим алууда

Жогорку Кеңештин депутаты Советбек Рустамбек уулу Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат, Бел, Кеңеш, Исанов, Мирмахмудов жана Гүлистан айыл аймактарын кыдырып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууларда негизинен мектеп жана бала бакчалардын жетишсиздиги, курулуш иштерин тездетүү, таза суу менен камсыздоо, сугат суу жана ички

Маданият министрлиги Сулайман-Тоону ЮНЕСКОдон чыгаруу сунушун колдобойт

Маданият министрлиги Сулайман-Тоону ЮНЕСКОдон чыгаруу сунушун колдобойт

Маданият министрлиги Сулайман-Тоону ЮНЕСКОнун тизмесинен алып салуу идеясын колдобойт. Бул тууралуу министр Мирбек Мамбеталиев журналисттерге билдирди. Ал канаттуу жол куруу демилгеси мэрдин жеке сунушу болгонун, бирок мыйзамдарды жана Кыргызстандын маданий мурастарды сактоо боюнча эл аралык милдеттенмелерин эске алуу керектигин белгиледи. “Ал терс жооп алат. Биз карманышыбыз керек болгон эл