Жыл аягына чейин Кореяга дагы 1 миңден ашык жаранды миграцияга жөнөтүү каралууда

Жыл аягына чейин Кореяга дагы 1 миңден ашык жаранды миграцияга жөнөтүү каралууда

Жылдын аягына чейин Корея республикасына 1 миңден ашык жаранды жиберүү аракеттери көрүлүп жатат. Акыркы 6 жылда мындай көрсөткүч боло элек. Бул тууралуу Эмгек, соцкамсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Аталган министрлик бул жылы Чет өлкөлөрдө жарандарды ишке орноштуруу борбору Кореяда жарандарды иш менен камсыз кылуу иштерин күчөтүп, кореялык жумуш берүүчүлөрдүн арасында эмгек ресурстарын жайылтуу боюнча иштерди жүргүзүп келгенин билдирди.

“Аталган борбордун алгылыктуу аракеттеринин натыйжасында Корея тарабынан бөлүнгөн квота 750дөн 1800гө чейин көбөйтүлүп, үстүбүздөгү жылдын 8 айында 500гө жакын жаран иш менен камсыз болду. Жылдын аягына чейин Корея республикасына 1000ден ашык адамды жиберүү аракеттери көрүлүп жатат. Акыркы 6 жылда мындай көрсөткүч боло элек”, – дейт министрлик.

Ошондой эле министрлик КРдагы кореялык EPS программасынын жетекчиси Ким Ынмен мырза ЖК депутаты Эльвира Сурабалдиеванын Кореяга жөнөтүүдөгү коррупцияга байланыштуу сүйлөгөн сөзүнө жооп бергенин да билдирди.

Корея тарап берген маалыматта: EPS (Кореяга жумушка орношууга уруксат берүү тутуму) программасы 2004-жылдан бери иштеп келе жатат жана биринчи кезекте коррупциянын алдын алууга жана БУУнун мамлекеттик башкаруу сыйлыгы менен сыйланган жеке брокерлердин кийлигишүүсүнө багытталган.

“Ал эми бул система Кыргызстанда 2007-жылдан бери өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Жумушчуларды тандоо жана чыгып кетүүнү жактыруу корей тарап өздөрү гана кабыл алышат. Ошондой эле бардык аракеттер максималдуу компьютерлештирилген жана кызматкерлерди тандоо, жөнөтүү системасына кийлигишүү мүмкүн эмес.

КРдагы EPS борбору коррупция фактыларын болтурбоо максатында жарандарга алдын ала кабарлайт жана тестке катышуу, окутуу, медициналык текшерүү, виза берүү жана авиабилеттерди сатып алуу үчүн акы төлөө процессин дайыма көзөмөлдөп турат” – деп айтылат.

Ошондой эле министрлик берилген программага ишенбестиктин түзүлгөн атмосферасы жарандар арасында ийгиликтүү жана популярдуу программанын жабылышына алып келиши мүмкүн экендигин кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Жогорку технологиялар жана Креативдүү индустриялар паркы үчүн салыктык каттоо жеңилдетилди

Жогорку технологиялар жана Креативдүү индустриялар паркы үчүн салыктык каттоо жеңилдетилди

Мамлекеттик салык кызматы Жогорку технологиялар паркынын жана Креативдүү индустриялар паркынын резиденттери үчүн салыктык каттоо жана атайын салык режимин колдонуу процессин автоматташтырды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Салык кызматы эки парктын маалыматтык системаларын интеграциялады. Эми резидент статусун алган салык төлөөчүлөр тууралуу маалымат Салык кызматына электрондук түрдө жөнөтүлөт. Мындан ары

"Бишкек Аренага" алып кирүүгө тыюу салынган буюмдар белгиленди

"Бишкек Аренага" алып кирүүгө тыюу салынган буюмдар белгиленди

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине байланыштуу Ички иштер министрлиги "Бишкек Арена" стадионуна алып кирүүгө тыюу салынган буюмдардын тизмесин жарыялады. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, тыюу салынган буюмдардын катарына тамеки, IQOS, насвай, сагыз, сырттан алып келинген тамак-аш жана суусундуктар, айнек бөтөлкөлөр, банкалар, көлөмдүү баштыктар жана жагдандар кирет. Ошондой

"Финансылык Альянстын" лотереясы: акцияларга инвестиция салыңыз жана баалуу байгелерди утуп алыңыз

"Финансылык Альянстын" лотереясы: акцияларга инвестиция салыңыз жана баалуу байгелерди утуп алыңыз

Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу — "Финансылык Альянс" ЖЧКсы "Инвестиция сал жана утуп ал" аттуу стимулдаштыруучу лотереяны өткөрөт. Лотерея 2026-жылдын 25-августунан 25-сентябрына чейин жана 26-сентябрынан 26-октябрына чейин эки этапта өткөрүлөт. Байге фондунун жалпы суммасы — 629 630 сом. "Инвестиция сал жана утуп

Жалал-Абадда турак үйдүн үстүнөн жүк өткөргөн ишкана 35 миң сом айып пул төлөйт

Жалал-Абадда турак үйдүн үстүнөн жүк өткөргөн ишкана 35 миң сом айып пул төлөйт

Манас шаардык мэриясына түшкөн арыздын негизинде Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын аймактык башкармалыгы жеринде текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүүдө "Башталыш Гранд" ишканасынын курулушуна жакын жайгашкан турак үйдүн үстүнөн жүк өткөрүлгөнү аныкталды. Аталган мыйзам бузуу боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодекске