Баткен: жакындарын издөө үчүн 1227 бирдиктүү номуру иштеп жатат

Баткен: жакындарын издөө үчүн 1227 бирдиктүү номуру иштеп жатат

Санариптик өнүктүрүү министрлиги байланышка чыкпай калган жакындарын издөө жана байланыш үчүн 1227 бирдиктүү call-center ачты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Айдарбек Мамбеткадыров билдирди.

Чек арага чектеш айылдарда жашаган жарандардын жакындары байланышпай калса, аталган Call-центрге кайрылса болот.

Анын айтымында, республикадагы бардык уюлдук операторлордон борборго чалуулар бекер. Чалуулар күнү-түнү кабыл алынат.

«Согуш жүрүп жаткан аймакта эч кандай байланыш жок экенин эске алыңыз. Учурда байланышты калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Бирок согуштук аракеттерден улам камералык мунараларды калыбына келтирүү жана оңдоо мүмкүн эмес. Министрликтин оңдоочу топтору байланыштарды тез арада калыбына келтирүүгө аракеттенет», – деди ал.

Ошондой эле Матбеткадыров айрым аймактарда байланыш бар экенин, бирок интернет жок экенин кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында үй-бүлөлүк велотур өтөт

Нарында үй-бүлөлүк велотур өтөт

Нарын шаарында жана ага канаатташ жайгашкан аймактарда 4-7-май күндөрү “Эки Нарын 2026-“ үй-бүлөлүк велотур өтөт. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы  ыйгарымдуу өкүлүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, төрт күнгө ылайыкталган программа 20 чакырым аралыкка велосипеддик жүрүш, жөө сейилдөөлөрдү, этномаданий фестивалдага, улуттук оюндарга катышууну жана жергиликтүү театрларда өтүүчү маданий иш- чараларды  камтыйт. Үй-бүлөлүк

Бишкекте муздак суу жана канализация тарифи жогорулашы мүмкүн

Бишкекте муздак суу жана канализация тарифи жогорулашы мүмкүн

Бишкекте муздак суу жана канализацияга болгон тариф жогорулашы мүмкүн экенин мэриянын Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизген “Суу менен жабдуу жана суу чыгаруу (канализация) боюнча кызмат көрсөтүүлөрүнө бирдиктүү тарифтерди, аларга жогорулатылган коэффициенттерди жана үйдүн ички тармактарын техникалык тейлөөгө тарифтерди бекитүү жөнүндө” токтом долбоорунда айтылат. Документте белгиленгендей, тарифтерди өзгөртүү “Бишкексууканал” муниципалдык ишканасынын

Лев Толстой жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги 90 метр жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Лев Толстой жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги 90 метр жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Бишкекте Лев Толстой жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде темир жол тилкесинде курулуш-монтаж иштер жүргүзүлүп жатканын бүгүн шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Иштер 2026-жылга карата өндүрүштүк программанын алкагында "Бишкекжылуулуктармактары" муниципалдык ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдө. Бул тилкеде темир жолдун астынан өткөн жылуулук тармактарын кайра салуу иштери жүрүп жатат. Долбоордун алкагында диаметри

Жер семирткичтердин кымбатташы кыргыз фермерлерине таасирин тийгизди

Жер семирткичтердин кымбатташы кыргыз фермерлерине таасирин тийгизди

Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Уран Чекирбаев "Биринчи радио" берүүсүнүн эфиринде билдирди. Анын айтымында, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу минералдык жер семирткичтердин дүйнөлүк баасынын өсүшү Кыргызстанга да таасир эткен. Чиновниктин сөзүнө караганда, Кыргызстан менен Өзбекстанга минералдык жер семирткичтерди