Баткен облусуна жалпысынан 584 тонна гумжардам жеткирилди - ӨКМ

Баткен облусуна жалпысынан 584 тонна гумжардам жеткирилди - ӨКМ

Бүгүн, 19-сентябрь саат 15:00гө карата маалыматка ылайык, Батккен облусу боюнча 136 770 жаран эвакуацияланып, анын ичинен 3427 жаран убактылуу кабыл алуу жайларга жайгашкан. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынын Кара-Тейит, Кара-Мык, Шибээ, Жекенди, Чулук айылдарынан 5301 жаран эвакуацияланган. Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринин 17 жатаканаларында 1890 орун даярдалып, 512 жаран жайгашкан.

“Баткен облусуна жалпы 584 тонна гумжардам жеткирилген. Анын ичинен 116 тонна КР ӨКМ тарабынан, 379 тонна жардам жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген. Учурда кампада 89 тонна гуманитардык жардам турат”, – деп айтылат маалыматта.

Республиканын аймактарынан чогултулган гуманитардык жардамдар 39 оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп (635 тн) Баткен облусунун аймагына жөнөтүлгөн.

Республиканын бардык облус жана шаарларында гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 188 пункт уюштурулган:

  • Ош облусунда – 44
  • Жалал-Абад облусунда – 12
  • Нарын облусунда – 6
  • Ысык-Көл облусунда – 69
  • Талас облусунда – 43
  • Чүй облусунда – 12
  • Ош шаарында –1
  • Бишкек шаарында – 1.

Эгерде сиз дагы Баткен облусунун жабыр тарткан тургундарына материалдык жардам көрсөтүүнү кааласаңыз, анда Финансы министрлигинин атайын эсебине каражат которсоңуз болот. Ошондой эле тургундарды эвакуациялоо үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды, азык-түлүк, керектүү буюмдарды сатып алып жаткан Улуттук Кызыл Жарым Ай Коомуна акча каражатын которсоңуз болот.

Эгер сиз өзүңүз гуманитардык жардам көрсөткүңүз келсе, керектүү нерселердин жаңыланган тизмесин бул жерден таба аласыз. Гуманитардык жардам чогултуу пункттарынын даректерин бул жерден тапса болот.

Жабыркагандар да донордук канга муктаж. Даректерди жана байланыштарды бул жерден тапса болот.


Эске салсак, 16-сентябрда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча куралдуу кагылышуулар башталып, Баткен облусунун тургундарын эвакуациялоо иштери башталган. КРнын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тажик тарап оор бронтехникаларды, ракеталык системаларды жана авиацияны колдонгону тууралуу маалымат берди. Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов саат 16:00дө ок атышууну токтотууну макулдашышкан. Бирок эки сааттан кийин Тажикстан Республикасынын чек арачылары Кыргызстан тарапка кайрадан ок чыгарышкан.

Бүгүн, 19-сентябрга карата куралдуу кагылышуудан шейит болгондордун саны 59га, жаракат алгандардын саны 163кө жетти. Ошондой эле бүгүн Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Мындан тышкары окуңуз

Жалал-Абаддагы "Манас" сейил багы 6 млн долларга жаңыланды

Жалал-Абаддагы "Манас" сейил багы 6 млн долларга жаңыланды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу жаңыланган "Манас" сейил багын көрүп чыкты. Жалпы аянты 5,3 гектарды түзгөн мурдагы "Жеңиш" эл алуу багы 6 миллион долларлык инвестициянын негизинде толугу менен жаңыланды. Долбоордун алкагында сейил бакка 27

Таш-Көмүрдө архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Таш-Көмүрдө архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Таш-Көмүр шаарында архитектура башкармалыгынын жаңы имаратынын расмий ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев катышты. Маалыматка ылайык, жаңы имарат министрликтин материалдык-техникалык базасын чыңдоо

Кыргызстан менен Швейцария каржылык өнөктөштүктү чыңдоону көздөйт

Кыргызстан менен Швейцария каржылык өнөктөштүктү чыңдоону көздөйт

Каржы министри Руслан Суйналиев Швейцариянын Экономика маселелери боюнча мамлекеттик катчылыгынын Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү бөлүмүнүн жетекчиси, өкмөттүн соода келишимдери боюнча өкүлү Пьетро Лаццери менен жолугушту. Министрликтен билдиришкендей, тараптар Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы финансылык-экономикалык кызматташуунун учурдагы абалын жана келечектеги багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл чакан экономиканы колдоо, мамлекеттик башкарууну өнүктүрүү жана

Коомдук талкуу: Баткен окуяларын "Баткен согушу" деп таануу демилгеленди

Коомдук талкуу: Баткен окуяларын "Баткен согушу" деп таануу демилгеленди

Кыргызстанда 1999–2000-жылдардагы Баткен окуяларын расмий түрдө "Баткен согушу" деп таанууну сунуштаган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Мыйзам долбоорунун демилгечиси — эл өкүлү Болот Сагынаев. Ал "Согуштун ардагерлери, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө" мыйзамга Баткен согушунун ардагерлерин киргизүүнү сунуштоодо. Долбоорго ылайык, бул макам 1999–