Баткендеги куралдуу кагылышууда шейит болгондордун саны - 46, жараат алгандардын саны 140ка жетти

Баткендеги куралдуу кагылышууда шейит болгондордун саны - 46, жараат алгандардын саны 140ка жетти

КРнын Саламаттык сактоо министрлиги кечээ, 18-сентябрь саат 17:00гө карата (оперативдүү маалымат) шейит болгондордун саны 46га жеткенин, саламаттык сактоо уюмдарына жаткырылган жабырлануучулардын жалпы саны 140 жабырлануучуну түзөрүн, анын ичинен 7 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөнүн маалымдады.

Жабырлануучулардын көпчүлүк бөлүгү Бишкек жана Ош шаарынын саламаттык сактоо уюмдарына которулду (102 жабырлануучу).

  • Улуттук госпитал – 71 жабырлануучу
  • Улуттук хирургиялык борбор – 8 жабырлануучу
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору – 8 жабырлануучу
  • Тез медициналык жардам ооруканасы – 9 жабырлануучу
  • Ош облустук бириккен ооруканасы – 4 жабырлануучу
  • Ош облустар аралык клиникалык балдар ооруканасы – 2 жабырлануучу.

“Калган жабырлануучулар Баткен облусунун саламаттыкты сактоо уюмдарында стационардык дарыланууда. Бардык жабырлануучуларга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, кандын компоненттери, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жетиштүү санда бар”, – дейт министрлик.

Баткен облусунан алынган ыкчам маалыматтар боюнча, дагы 10 каза болгон адамдын сөөгү Баткен шаарынын саламаттыкты сактоо уюмдарына келип түшкөн. Баткен облусунда куралдуу кагылыштан каза болгондордун жалпы саны 46 адамды түзөт.

Economist.kg редакциясы каза болгон жарандардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Мындан тышкары окуңуз

Чоң-Өрүктүдө экологиялык талапты бузган жаранга айып пул салынды

Чоң-Өрүктүдө экологиялык талапты бузган жаранга айып пул салынды

Интернет булактарында жарыяланган видеонун негизинде Ысык-Көл облусунун Чоң-Өрүктү айылында таштанды калдыктарын белгиленбеген жерге төгүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын тескөөчүлөрү жүргүзгөн текшерүүдө экологиялык талаптарды бузган жаран аныкталган. Жыйынтыгында "Укук

А. Касымалиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйынына катышты

А. Касымалиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйынына катышты

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) тар курамдагы жыйынына катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйындын алдында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларын расмий тосуп алуу аземи жана биргелешкен сүрөткө түшүү иш-чарасы өттү. Андан соң өкмөт башчылары экономикалык интеграцияны тереңдетүү, соодадагы тоскоолдуктарды жоюу жана

Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин Кыргызстанга келди

Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин Кыргызстанга келди

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Аны Ысык-Көл эл аралык аэропортунан Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков тосуп алды. Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны 6-7-август күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтөт. Жыйынга Евразия

Кыргыз-орус агроөнөр жай кызматташтыгынын келечеги талкууланды

Кыргыз-орус агроөнөр жай кызматташтыгынын келечеги талкууланды

Бүгүн VIII Кыргыз-Россия экономикалык форумунун жана XII Кыргыз-Россия аймактар аралык конференциясынын алкагында "Айыл чарба тармагындагы кыргыз-орус кызматташтыгынын келечеги" аттуу панелдик сессия өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Иш-чарада Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары