Баткендеги куралдуу кагылыштан шейит болгондордун саны – 59 , жараат алгандардын саны 163кө жетти

Баткендеги куралдуу кагылыштан шейит болгондордун саны – 59 , жараат алгандардын саны 163кө жетти

КРнын Саламаттык сактоо министрлиги бүгүн, 19-сентябрь саат 9:00гө карата (оперативдүү маалымат) саламаттык сактоо уюмдарына жаткырылган жабырлануучулардын жалпы саны 163кө жеткенин билдирди.

Баткен облусунун саламаттык сактоо уюмдарына бир түн ичинде  19 жабырлануучу медициналык жардам алуу үчүн кайрылган  анын ичинен 12 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөнүн маалымдайт. 

“Ооруканаларда жалпысынан 144 адам дарыланууда, 19 жаран амбулатордук шартта дарыланууга жөнөтүлдү”, – дейт министрлик.

Жабырлануучулардын көпчүлүк бөлүгү Бишкек жана Ош шаарынын саламаттык сактоо уюмдарына которулду (102 жабырлануучу). 

  • Улуттук госпитал – 71 жабырлануучу
  • Улуттук хирургиялык борбор – 8 жабырлануучу
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору – 8 жабырлануучу
  • Тез медициналык жардам ооруканасы – 9 жабырлануучу
  • Ош облустук бириккен ооруканасы – 4 жабырлануучу
  • Ош облустар аралык клиникалык балдар ооруканасы – 2 жабырлануучу. 

Калган жабырлануучулар Баткен облусунун саламаттыкты сактоо уюмдарында стационардык дарыланууда. Бардык жабырлануучуларга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, кандын компоненттери, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жетиштүү санда бар. 

Баткен облусундагы куралдуу кагылыштан шейит болгондордун жалпы саны 59 адамды түздү.

Мындан тышкары окуңуз

Маданият министрлиги Сулайман-Тоону ЮНЕСКОдон чыгаруу сунушун колдобойт

Маданият министрлиги Сулайман-Тоону ЮНЕСКОдон чыгаруу сунушун колдобойт

Маданият министрлиги Сулайман-Тоону ЮНЕСКОнун тизмесинен алып салуу идеясын колдобойт. Бул тууралуу министр Мирбек Мамбеталиев журналисттерге билдирди. Ал канаттуу жол куруу демилгеси мэрдин жеке сунушу болгонун, бирок мыйзамдарды жана Кыргызстандын маданий мурастарды сактоо боюнча эл аралык милдеттенмелерин эске алуу керектигин белгиледи. “Ал терс жооп алат. Биз карманышыбыз керек болгон эл

DemirBank Card Plus аркылуу 0% бөлүп төлөө менен жаңы окуу жылына даярданууну сунуштайт

DemirBank Card Plus аркылуу 0% бөлүп төлөө менен жаңы окуу жылына даярданууну сунуштайт

24-августтан 15-сентябрга чейин Card Plus ээлери DemirBankтын өнөктөштөрүнөн 0% бөлүп төлөө менен 6 айга чейин сатып ала алышат. Жаңы окуу жылына даярдануу – бул мектеп формасы жана рюкзак гана эмес. Сатып алуу тизмесине бут кийим, кеңсе буюмдары, спорттук форма, техника, аксессуарлар жана башка керектүү буюмдар акырындык менен кошулат.Чыгымдарды

Чүй районунда 30 жаран акы төлөнүүчү коомдук иштерге катышты

Чүй районунда 30 жаран акы төлөнүүчү коомдук иштерге катышты

Чүй районуна эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов жана БУУ Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы кеңсесинин директорунун орун басары Согжин барышты. Маалыматка ылайык, "Акы төлөнүүчү коомдук иштер" долбоордун кезектеги этабына Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн 30 тургуну катышып, социалдык жана сугат тутумун жакшыртууга багытталган

Бишкекте 17 жана 22 кабаттуу үйлөрдүн курулуш сапаты текшерилди

Бишкекте 17 жана 22 кабаттуу үйлөрдүн курулуш сапаты текшерилди

Бишкек шаарында курулуп жаткан 17 жана 22 кабаттуу турак үйлөрдөгү бетондун бекемдиги текшерилди. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Текшерүү Нуркамал Жетикашкаева көчөсү, 3А дарегиндеги курулуш объектилеринде жүргүзүлдү. Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун адистери бетондун иш жүзүндөгү бекемдигин аныктоо үчүн конструкцияга зыян келтирбеген атайын ыкма менен