Энергетиктер Баткен облусунда электр энергиясын калыбына келтирүүнү улантышат

Энергетиктер Баткен облусунда электр энергиясын калыбына келтирүүнү улантышат

Бүгүн, 19-сентябрда өндүрүштүк оңдоо-түзөө иштерин бөлүштүрүү үчүн Баткен электр тармактар ишканасынын базасында энергетиктер чогулушту. Бул тууралуу “Улуттук электр тармагы” ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Улуттук аза күтүү күнү бир мүнөттүк эскерүү жана курман болгондор үчүн куран окулуп башталды.

“Бүгүн Баткен облусун электр энергиясы менен камсыздоону жандандыруу боюнча иштер активдүү башталат. Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдын натыйжасында, Баткен облусунда 32 калктуу конуш — 10 миң үй электр энергиясыз калган”, – дейт ишкана.

Ошондой эле Баткен электр тармактары ишканасынын 6 ыкчам топ кызматкерлери 35-10 кВ Орто-Боз көмөк чордонундагы Тажикистан тарабынан ок атылгандан улам үзүлгөн аба-чубалгыларын калыбына келтирүү жумуштарын жасап жатышат.

“Оңдоп түзөө иштери бүтөөрү менен жарык берилет. Ошондой эле ишкананын жогорку чыңалуудагы кызматы ВЛ 35 кВ Шураб-Самаркандек үзүлгөн аба чубалгыларын калыбына келтирди”, – дейт “Улуттук энергохолдинг”.

Мындан тышкары окуңуз

Маданият министрлиги Сулайман-Тоону ЮНЕСКОдон чыгаруу сунушун колдобойт

Маданият министрлиги Сулайман-Тоону ЮНЕСКОдон чыгаруу сунушун колдобойт

Маданият министрлиги Сулайман-Тоону ЮНЕСКОнун тизмесинен алып салуу идеясын колдобойт. Бул тууралуу министр Мирбек Мамбеталиев журналисттерге билдирди. Ал канаттуу жол куруу демилгеси мэрдин жеке сунушу болгонун, бирок мыйзамдарды жана Кыргызстандын маданий мурастарды сактоо боюнча эл аралык милдеттенмелерин эске алуу керектигин белгиледи. “Ал терс жооп алат. Биз карманышыбыз керек болгон эл

DemirBank Card Plus аркылуу 0% бөлүп төлөө менен жаңы окуу жылына даярданууну сунуштайт

DemirBank Card Plus аркылуу 0% бөлүп төлөө менен жаңы окуу жылына даярданууну сунуштайт

24-августтан 15-сентябрга чейин Card Plus ээлери DemirBankтын өнөктөштөрүнөн 0% бөлүп төлөө менен 6 айга чейин сатып ала алышат. Жаңы окуу жылына даярдануу – бул мектеп формасы жана рюкзак гана эмес. Сатып алуу тизмесине бут кийим, кеңсе буюмдары, спорттук форма, техника, аксессуарлар жана башка керектүү буюмдар акырындык менен кошулат.Чыгымдарды

Чүй районунда 30 жаран акы төлөнүүчү коомдук иштерге катышты

Чүй районунда 30 жаран акы төлөнүүчү коомдук иштерге катышты

Чүй районуна эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов жана БУУ Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы кеңсесинин директорунун орун басары Согжин барышты. Маалыматка ылайык, "Акы төлөнүүчү коомдук иштер" долбоордун кезектеги этабына Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн 30 тургуну катышып, социалдык жана сугат тутумун жакшыртууга багытталган

Бишкекте 17 жана 22 кабаттуу үйлөрдүн курулуш сапаты текшерилди

Бишкекте 17 жана 22 кабаттуу үйлөрдүн курулуш сапаты текшерилди

Бишкек шаарында курулуп жаткан 17 жана 22 кабаттуу турак үйлөрдөгү бетондун бекемдиги текшерилди. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Текшерүү Нуркамал Жетикашкаева көчөсү, 3А дарегиндеги курулуш объектилеринде жүргүзүлдү. Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун адистери бетондун иш жүзүндөгү бекемдигин аныктоо үчүн конструкцияга зыян келтирбеген атайын ыкма менен