Кагылышууда талкаланган, күйгөн үйлөрдү чукул арада кайра курууга мамлекетте каражат бар - президент элге кайрылды

Кагылышууда талкаланган, күйгөн үйлөрдү чукул арада кайра курууга мамлекетте каражат бар - президент элге кайрылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-сентябрда, 2022-жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу конфликткке байланыштуу Кыргызстандын элине кайрылуу жасады.

Анда Жапаров куралдуу кагылышта шейит болгондордун үй-бүлөсүнүн, балдарынын келечегин мамлекет мойнуна алаарын жана талкаланган турак-жайларды калыбына келтирүүгө бюджетте жетишерлик каражат бар экенин билдирди.

“Эр жигит эл четинде, жоо бетинде” дейт, керек болсо, ар бир эр жигит Ата Журт үчүн канын-жанын аябаган деген мына ушул эмеспи. Ушундай азамат уулдарыбыз турганда биздин чекти эч ким буза албайт. Биз буга бекем ишенебиз.

Алардын артында калган үй-бүлөсүнүн, балдарынын келечегин мамлекет мойнубузга алабыз. 

Мындан эки эле жыл мурда армиябызда курал жарак, ок-дары жетишсиз, атүгүл жоокерлерибизди кийген кийими да эски болсо, бүгүн андай эмес. Армиябыз барган сайын ар тараптан күчтөнүп, катылгандын катыгын берүүгө моралдык жактан да, материалдык жактан да жетилип барат. 

Кагылышууда талкаланган, күйгөн үйлөрдү чукул арада кайра курууга да мамлекетибизде каражат бар. Арадан аз убакыт өтсө да белибиз бекемделип калды. Буга ички да, тышкы да душмандарыбыздын тынчы кетүүдө. 

Мамлекетибиздин чек араларына байланыштуу талаштуу маселелер акырындык менен чечилип келе жатат. Өзүңүздөр билгендей, буга чейин Өзбекстан Республикасы менен чектешкен аймактардагы чек араларыбыз толук чечилип, расмий түрдө документтештириле турган маселе гана калды.

Бүгүнкү күндө жалгыз гана Тажикстан Республикасы менен чектешкен жерлерибиз такталбай, көйгө жаратып келүүдө. Биз кыргыз-тажик чек арасын бир гана тынчтык жолу менен ыкчамдатып чечүүгө аракетибизди токтотпой улантып жатабыз”, – деди Жапаров. 

Мындан тышкары окуңуз

Чүй районунда 30 жаран акы төлөнүүчү коомдук иштерге катышты

Чүй районунда 30 жаран акы төлөнүүчү коомдук иштерге катышты

Чүй районуна эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов жана БУУ Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы кеңсесинин директорунун орун басары Согжин барышты. Маалыматка ылайык, "Акы төлөнүүчү коомдук иштер" долбоордун кезектеги этабына Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн 30 тургуну катышып, социалдык жана сугат тутумун жакшыртууга багытталган

Бишкекте 17 жана 22 кабаттуу үйлөрдүн курулуш сапаты текшерилди

Бишкекте 17 жана 22 кабаттуу үйлөрдүн курулуш сапаты текшерилди

Бишкек шаарында курулуп жаткан 17 жана 22 кабаттуу турак үйлөрдөгү бетондун бекемдиги текшерилди. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Текшерүү Нуркамал Жетикашкаева көчөсү, 3А дарегиндеги курулуш объектилеринде жүргүзүлдү. Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун адистери бетондун иш жүзүндөгү бекемдигин аныктоо үчүн конструкцияга зыян келтирбеген атайын ыкма менен

Гендердик зомбулук боюнча улуттук изилдөөнүн жыйынтыктары талкууланды

Гендердик зомбулук боюнча улуттук изилдөөнүн жыйынтыктары талкууланды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде гендердик зомбулуктун алдын алуу жана жабыр тарткан адамдарды коргоо боюнча маселелер каралды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул көйгөйлөр 24-августта өткөн гендердик зомбулук боюнча улуттук изилдөөнүн алдын ала жыйынтыктарын талкуулоого арналган жолугушууда көтөрүлдү. Эмгек министрдин орун басары Аида Исатбек

Улуттук банк баалуу металдардан жасалган 78-коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды

Улуттук банк баалуу металдардан жасалган 78-коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды

Бүгүн КРнын Улуттук банкы “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” сериясындагы “Тайган жарыш” күмүш монетасын жүгүртүүгө чыгарды. Билдирүүгө караганда, монета VI “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – 2026” иш-чарасына арналган жана кыргыз элинин маданий мурастарын сактоо жана жайылтуу максатында чыгарылды. “Тайган жарыш” - бул илгертен эле ар кандай элдик майрамдарда өткөрүлүп келген жана ал бүгүнкү күндө