ӨКМ: Баткенде 136 миң жаран коопсуз жайга эвакуацияланды, жалпы 506 тонна гумжардам жеткирилди

ӨКМ: Баткенде 136 миң жаран коопсуз жайга эвакуацияланды, жалпы 506 тонна гумжардам жеткирилди

Бүгүн, 19-сентябрда саат 08.00гө карата жалпы 136 миң 770 жаран коопсуз аймакка эвакуацияланып, анын ичинен 3427 жаран убактылуу кабыл алуучу жайларга жайгаштырылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Баткен облусу боюнча жалпы 45 убактылуу кабыл алуу жайлары (ПВР) иштеп жатат. Ал эми Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5301 жаран коопсуз жайларга эвакуацияланган. Ошондой эле Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринин жатаканаларында 1890 орун даярдалып, учурда 512 жаран жайгашкан.

Азыркы учурда Баткен облусуна жалпы 506 тонна гумжардам жеткирилип, анын ичинен 116 тонна КР ӨКМ тарабынан жеткирилген, 301 тонна жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген, учурда кампада 89 тонна гуманитардык жардам турат.

Республиканын аймактарынан чогултулган гуманитардык жардамдар 39 оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп (635 тонна) Баткен облусунун аймагына жөнөтүлгөн.

Республиканын бардык аймактарында гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 188 пункт уюштурулуп, иштер жүрүп жатат:

  • Ош облусунда – 44
  • Жалал-Абад облусунда – 12
  • Нарын облусунда – 6
  • Ысык-Көл облусунда – 69
  • Талас облусунда – 43
  • Чүй облусунда – 12
  • Ош шаарында –1
  • Бишкек шаарында – 1.

Мындан тышкары окуңуз

Маданият министрлиги Сулайман-Тоону ЮНЕСКОдон чыгаруу сунушун колдобойт

Маданият министрлиги Сулайман-Тоону ЮНЕСКОдон чыгаруу сунушун колдобойт

Маданият министрлиги Сулайман-Тоону ЮНЕСКОнун тизмесинен алып салуу идеясын колдобойт. Бул тууралуу министр Мирбек Мамбеталиев журналисттерге билдирди. Ал канаттуу жол куруу демилгеси мэрдин жеке сунушу болгонун, бирок мыйзамдарды жана Кыргызстандын маданий мурастарды сактоо боюнча эл аралык милдеттенмелерин эске алуу керектигин белгиледи. “Ал терс жооп алат. Биз карманышыбыз керек болгон эл

DemirBank Card Plus аркылуу 0% бөлүп төлөө менен жаңы окуу жылына даярданууну сунуштайт

DemirBank Card Plus аркылуу 0% бөлүп төлөө менен жаңы окуу жылына даярданууну сунуштайт

24-августтан 15-сентябрга чейин Card Plus ээлери DemirBankтын өнөктөштөрүнөн 0% бөлүп төлөө менен 6 айга чейин сатып ала алышат. Жаңы окуу жылына даярдануу – бул мектеп формасы жана рюкзак гана эмес. Сатып алуу тизмесине бут кийим, кеңсе буюмдары, спорттук форма, техника, аксессуарлар жана башка керектүү буюмдар акырындык менен кошулат.Чыгымдарды

Чүй районунда 30 жаран акы төлөнүүчү коомдук иштерге катышты

Чүй районунда 30 жаран акы төлөнүүчү коомдук иштерге катышты

Чүй районуна эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов жана БУУ Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы кеңсесинин директорунун орун басары Согжин барышты. Маалыматка ылайык, "Акы төлөнүүчү коомдук иштер" долбоордун кезектеги этабына Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн 30 тургуну катышып, социалдык жана сугат тутумун жакшыртууга багытталган

Бишкекте 17 жана 22 кабаттуу үйлөрдүн курулуш сапаты текшерилди

Бишкекте 17 жана 22 кабаттуу үйлөрдүн курулуш сапаты текшерилди

Бишкек шаарында курулуп жаткан 17 жана 22 кабаттуу турак үйлөрдөгү бетондун бекемдиги текшерилди. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Текшерүү Нуркамал Жетикашкаева көчөсү, 3А дарегиндеги курулуш объектилеринде жүргүзүлдү. Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун адистери бетондун иш жүзүндөгү бекемдигин аныктоо үчүн конструкцияга зыян келтирбеген атайын ыкма менен