ӨКМ Баткендеги куралдуу кагылышуудан канча объект жабыркаганын билдирди

ӨКМ Баткендеги куралдуу кагылышуудан канча объект жабыркаганын билдирди

Куралдуу кагылышуудан азыркы маалымат боюнча 282 турак-жай, 3 стратегиялык объект, 9 соцобъект, 300гө жакын чарба курулуштары, 9 унаа өрттөлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда КР ӨКМ маалыматтык аналитика жана мерчемдөө бөлүмүнүн башчысы Бакытбек Чамашев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ӨКМ Жарандык коргонуу комиссиясы менен биргеликте тактоо иштерин жүргүзүүдө.

“Куралдуу кагылышуудан азыркы маалымат боюнча 282 турак-жай, 3 стратегиялык объект, 9 соцобъект, 300гө жакын чарба курулуштары, 9 унаа өрттөлгөн. Бул сандар дагы өзгөрүшү мүмкүн, анткени комиссия конфликт болгон аймактарды тактап бүтө элек, азыр дагы жеринде иштеп жатышат”, – деди Чамашев.

Ошондой эле кагылышуунун кесепетинен 136 миң 770 жаран коопсуз жайларга көчүрүлгөн. Алардын ичинен Баткен району боюнча – 54 миң 684, Баткен шаары боюнча – 25 миң 600, Лейлек району боюнча – 56 миңдин тегерегиндеги жаран эвакуацияланган.

“Азыркы учурда алардын ичинен 3470 жаран жарандарды убактылуу кабыл алуучу жайларда жайгаштырылган. Ошондой эле 3908 жаран башка аймактарга кетишкен”, – деди ал.

Баткенден келгендерди кабыл алуу үчүн Ош шаарында окуу мекемелердин жатканаларында убактылуу кабыл алуучу жайлар ачылган. Учурда тамак-аштар уюштурулуп, тиешелүү иштер алып барылууда жана түштүк борбордо учурда Баткенден келген 500дөй жаран бар.

Ошондой эле Чамашев Оштун Чоң-Алай районунан 5300 жаран коопсуз жайларга көчүрүлгөнүн жана алар учурда Даарат-Коргон, Кашка-Суу айылдарында жайгаштырылганын, бирок жарандардын көпчүлүгү туугандарына кетишкенин кошумчалады.

Гуманитардык жардамдарды Баткенге жеткирүүнү ӨКМ толук көзөмөлгө алган.

“Азыркы учурда Баткен облусуна жалпы 506 тонна гумжардам жеткирилип, анын ичинен 116 тонна КР ӨКМ тарабынан жеткирилген, 301 тонна жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген, учурда кампада 89 тонна гуманитардык жардам турат”, – деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Маданият министрлиги Сулайман-Тоону ЮНЕСКОдон чыгаруу сунушун колдобойт

Маданият министрлиги Сулайман-Тоону ЮНЕСКОдон чыгаруу сунушун колдобойт

Маданият министрлиги Сулайман-Тоону ЮНЕСКОнун тизмесинен алып салуу идеясын колдобойт. Бул тууралуу министр Мирбек Мамбеталиев журналисттерге билдирди. Ал канаттуу жол куруу демилгеси мэрдин жеке сунушу болгонун, бирок мыйзамдарды жана Кыргызстандын маданий мурастарды сактоо боюнча эл аралык милдеттенмелерин эске алуу керектигин белгиледи. “Ал терс жооп алат. Биз карманышыбыз керек болгон эл

DemirBank Card Plus аркылуу 0% бөлүп төлөө менен жаңы окуу жылына даярданууну сунуштайт

DemirBank Card Plus аркылуу 0% бөлүп төлөө менен жаңы окуу жылына даярданууну сунуштайт

24-августтан 15-сентябрга чейин Card Plus ээлери DemirBankтын өнөктөштөрүнөн 0% бөлүп төлөө менен 6 айга чейин сатып ала алышат. Жаңы окуу жылына даярдануу – бул мектеп формасы жана рюкзак гана эмес. Сатып алуу тизмесине бут кийим, кеңсе буюмдары, спорттук форма, техника, аксессуарлар жана башка керектүү буюмдар акырындык менен кошулат.Чыгымдарды

Чүй районунда 30 жаран акы төлөнүүчү коомдук иштерге катышты

Чүй районунда 30 жаран акы төлөнүүчү коомдук иштерге катышты

Чүй районуна эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов жана БУУ Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы кеңсесинин директорунун орун басары Согжин барышты. Маалыматка ылайык, "Акы төлөнүүчү коомдук иштер" долбоордун кезектеги этабына Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн 30 тургуну катышып, социалдык жана сугат тутумун жакшыртууга багытталган

Бишкекте 17 жана 22 кабаттуу үйлөрдүн курулуш сапаты текшерилди

Бишкекте 17 жана 22 кабаттуу үйлөрдүн курулуш сапаты текшерилди

Бишкек шаарында курулуп жаткан 17 жана 22 кабаттуу турак үйлөрдөгү бетондун бекемдиги текшерилди. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Текшерүү Нуркамал Жетикашкаева көчөсү, 3А дарегиндеги курулуш объектилеринде жүргүзүлдү. Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун адистери бетондун иш жүзүндөгү бекемдигин аныктоо үчүн конструкцияга зыян келтирбеген атайын ыкма менен