Акылбек Жапаров: Камбар-Ата-1, Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу долбоорлору инвестиция тартууга локомотив болот

Акылбек Жапаров: Камбар-Ата-1, Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу долбоорлору инвестиция тартууга локомотив болот

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Министрлер Кабинетинин алдындагы Инвестициялык кеңештин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.
 
Иш-чарага бизнес-ассоциациялардын, эл аралык уюмдардын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.
 
Министрлер кабинетинин башчысы бизнес өкүлдөрүнө, карапайым жарандарга өлкө үчүн оор күндөрдө гуманитардык жана финансылык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

«Биздин алдыбызда көптөгөн калыбына келтирүү иштери турат. Ушул күндөрү жардам көрсөткөн бизнес өкүлдөрүнө жана карапайым жарандарга ыраазычылык билдирем. Өлкөбүздөгү кыйынчылыктарды биргеликте жеңебиз», – деди ал.

Ошондой эле Жапаров өткөн жылы өлкөгө 1 млрд АКШ долларынан ашык инвестиция келгенин жана инвестиция тартуу маселесинде жаңы ыкмаларды киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

 «Министрлер кабинетинин алдында кыйла масштабдуу амбициялуу милдеттер турат. Биз быйылкы жылы ИДПнын өсүшүн 6%дан кем эмес камсыз кылуу милдетин койдук, ал эми 2022-жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча өсүү 8%ды түзөт.

Биз ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен экономикалык өсүш, айлык акынын өсүшү, кирешенин өсүшү деңгээли боюнча алдыга чыгып жатабыз. Жакынкы 5-6 жылда бул тенденцияны улантабыз деп ишенем.

Бизге жаңы ыкмалар, жаңы инвестициялар керек. Камбар-Ата-1 ГЭСин, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорлору инвестиция тартуу үчүн локомотив болот деп ишенем”, – деди ал.

 Минкабдын берген маалыматына караганда, кеңешменин жыйынтыгы боюнча тийиштүү документтерди иштеп чыгуу жана министрлер кабинетине киргизүү боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды.

Мындан тышкары окуңуз

Чүй районунда 30 жаран акы төлөнүүчү коомдук иштерге катышты

Чүй районунда 30 жаран акы төлөнүүчү коомдук иштерге катышты

Чүй районуна эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов жана БУУ Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы кеңсесинин директорунун орун басары Согжин барышты. Маалыматка ылайык, "Акы төлөнүүчү коомдук иштер" долбоордун кезектеги этабына Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн 30 тургуну катышып, социалдык жана сугат тутумун жакшыртууга багытталган

Бишкекте 17 жана 22 кабаттуу үйлөрдүн курулуш сапаты текшерилди

Бишкекте 17 жана 22 кабаттуу үйлөрдүн курулуш сапаты текшерилди

Бишкек шаарында курулуп жаткан 17 жана 22 кабаттуу турак үйлөрдөгү бетондун бекемдиги текшерилди. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Текшерүү Нуркамал Жетикашкаева көчөсү, 3А дарегиндеги курулуш объектилеринде жүргүзүлдү. Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун адистери бетондун иш жүзүндөгү бекемдигин аныктоо үчүн конструкцияга зыян келтирбеген атайын ыкма менен

Гендердик зомбулук боюнча улуттук изилдөөнүн жыйынтыктары талкууланды

Гендердик зомбулук боюнча улуттук изилдөөнүн жыйынтыктары талкууланды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде гендердик зомбулуктун алдын алуу жана жабыр тарткан адамдарды коргоо боюнча маселелер каралды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул көйгөйлөр 24-августта өткөн гендердик зомбулук боюнча улуттук изилдөөнүн алдын ала жыйынтыктарын талкуулоого арналган жолугушууда көтөрүлдү. Эмгек министрдин орун басары Аида Исатбек

Улуттук банк баалуу металдардан жасалган 78-коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды

Улуттук банк баалуу металдардан жасалган 78-коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды

Бүгүн КРнын Улуттук банкы “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” сериясындагы “Тайган жарыш” күмүш монетасын жүгүртүүгө чыгарды. Билдирүүгө караганда, монета VI “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – 2026” иш-чарасына арналган жана кыргыз элинин маданий мурастарын сактоо жана жайылтуу максатында чыгарылды. “Тайган жарыш” - бул илгертен эле ар кандай элдик майрамдарда өткөрүлүп келген жана ал бүгүнкү күндө