Бийлик элди тажиктерге салып берип жатат - Баткендин Аксай айылынын тургундары нааразы

Бийлик элди тажиктерге салып берип жатат - Баткендин Аксай айылынын тургундары нааразы

Жергиликтүү басылманын Youtube каналында Баткендин Аксай элинин тургундарынын кайрылуусу чыкты. Анда аксайлыктар бийликтин кенебестигин, жыл сайын жаш балдар ал жерде шейит кетип жатканын айтып нааразы болушту.

Аксайдын тургундары канча жылдан бери ата-бабанын жайы деп гана жашап келгенин, кийиминен башка эч нерселери деле калбаганын, тынч жашоосу үчүн чечкиндүү бийлик керек экенин билдиришти.

“Бизге конфликт башталганда эле тажиктердин үстүнөн басымдуулук кылып турган, Аксай үчүн күйгөн жигиттер керек. Канча талап кылсак дагы бийлик өзүнүн камырабаган адамдарын коюп жатат. Алар болсо элди тажиктердин колуна салып берип жатат. Канчалаган жаш балдар өлүп калды.

ӨКМ баралбаган жерден, өзүбүздүн балдар портер менен алып келип жатышты. Бизге алсыз бийликтин кереги жок”, – деди Аксайдын тургуну.

Дагы бир тургун жергиликтүү бийликке барып, атайын аскердик курамдын катарына кирип, чек арадагы аймактардагы өзгөчөлүктөрдү көрсөтүп берүүнү сунуштаганын, бирок бийлик макул болбогонун айтат.

“Аксай деп эле жаш балдарды киргизе бербегиле, окко салып берип атасыңар, биз жергиликтүү калк билебиз, тоонун үстүнөн алып түшүп баралы, позицияларды билебиз десек, ага да уруксат жок. Жаш солдаттар эч нерсени билбей өлүп калып жатышат”, – дейт бийликке кайрылгандардын бирөөсү.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк баалуу металдардан жасалган 78-коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды

Улуттук банк баалуу металдардан жасалган 78-коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды

Бүгүн КРнын Улуттук банкы “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” сериясындагы “Тайган жарыш” күмүш монетасын жүгүртүүгө чыгарды. Билдирүүгө караганда, монета VI “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – 2026” иш-чарасына арналган жана кыргыз элинин маданий мурастарын сактоо жана жайылтуу максатында чыгарылды. “Тайган жарыш” - бул илгертен эле ар кандай элдик майрамдарда өткөрүлүп келген жана ал бүгүнкү күндө

Бишкекте "Ырыс-Ордо" конгресс-борбору пайдаланууга берилди

Бишкекте "Ырыс-Ордо" конгресс-борбору пайдаланууга берилди

Президент Садыр Жапаров кечээ Бишкек шаарындагы "Ырыс-Ордо" мамлекеттик конгресс-борборунун ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу Президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти. Мамлекет башчысы иш-чарада сөз сүйлөп, жаңы конгресс-борбор өлкөнүн өсүп жаткан мүмкүнчүлүгүн жана өнүгүүгө болгон умтулуусун чагылдырган заманбап Кыргызстандын жаңы символдорунун бири болорун белгиледи. Президенттин

Бишкек жана Оштун электр тармактарына заманбап эсептегичтер берилди

Бишкек жана Оштун электр тармактарына заманбап эсептегичтер берилди

Ош жана Бишкекке электр жарыгын автоматташтырылган коммерциялык эсепке алуу системасы үчүн жаңы жабдуулар алынды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Ош шаарына 35 976 даана бир фазалуу жана 6 800 даана үч фазалуу эсептегич, ошондой эле маалыматтарды чогултуу жана берүүчү 820 даана түзмөк жеткирилген. Борбор калаага

Токой кызматы Жаратылыш ресурстары министрлигинин карамагына өттү

Токой кызматы Жаратылыш ресурстары министрлигинин карамагына өттү

Токой кызматы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагынан чыгарылып, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине өткөрүлдү.  Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Кызмат менен кошо анын кызматкерлери, каржылоосу жана материалдык-техникалык базасы да жаңы министрликке өтөт. Эми Жаратылыш ресурстары министрлиги токойлорду сактоо, калыбына келтирүү жана пайдалануу, токой кадастрын