Бюджеттен 500 млн сом бөлүндү - жарандарды коопсуз жайга көчүрүү, азык-түлүк менен камсыздоого багытталат

Бюджеттен 500 млн сом бөлүндү - жарандарды коопсуз жайга көчүрүү, азык-түлүк менен камсыздоого багытталат

Учурда өлкө бюджетинен дээрлик 500 млн сом (497 млн 600 миң) бөлүндү. Бул сумма жарандарды коопсуз жайга көчүрүү, азык-түлүк, дары-дармек жана медициналык жабдуулар менен камсыздоого багытталат. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Инфраструктураны калыбына келтирүүгө, ошондой эле зарыл эвакуацияланган жарандарды жана жабыркагандарга жана курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүүгө республикалык бюджеттен дагы каражат бөлүү пландаштырылууда.

“Учурда Баткен облусунда 136 миң 770 жаран коопсуз аймактарга көчүрүлдү. Жалпысынан Баткен облусунда 45 убактылуу жайгаштыруу борбору ачылган. Ош облусунда 5301 адам коопсуз аймактарга көчүрүлдү. Мындан тышкары, Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринин жатаканаларында 1890 орун даярдалган”, – дейт минкаб.

Республика боюнча гуманитардык жардамды кабыл алуу үчүн 188 пункт уюштурулган.

ӨКМ берген маалыматка таянсак, учурда Баткен облусуна жалпысынан 686 тонна гуманитардык жардам жеткирилди. Учурда кампада 89 тонна гуманитардык жардам бар. Республиканын бардык аймактарынан чогулган гуманитардык жардам 45 жүк ташуучу унаага жүктөлүп, Баткен облусуна жөнөтүлгөн.

Баткен жана Ош облустарына жардам көрсөтүү үчүн бирдиктүү атайын банк эсебине 100 млн сомго жакын акча которулду.

Бул эсепке мамлекеттик кызматкерлердин жана мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин бир күндүк эмгек акысын которуулар, Кыргызстандын жарандарынын, чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктардын, эл аралык уюмдардын кызматкерлеринин которгон каражаттары келип түшүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк баалуу металдардан жасалган 78-коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды

Улуттук банк баалуу металдардан жасалган 78-коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды

Бүгүн КРнын Улуттук банкы “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” сериясындагы “Тайган жарыш” күмүш монетасын жүгүртүүгө чыгарды. Билдирүүгө караганда, монета VI “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – 2026” иш-чарасына арналган жана кыргыз элинин маданий мурастарын сактоо жана жайылтуу максатында чыгарылды. “Тайган жарыш” - бул илгертен эле ар кандай элдик майрамдарда өткөрүлүп келген жана ал бүгүнкү күндө

Бишкекте "Ырыс-Ордо" конгресс-борбору пайдаланууга берилди

Бишкекте "Ырыс-Ордо" конгресс-борбору пайдаланууга берилди

Президент Садыр Жапаров кечээ Бишкек шаарындагы "Ырыс-Ордо" мамлекеттик конгресс-борборунун ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу Президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти. Мамлекет башчысы иш-чарада сөз сүйлөп, жаңы конгресс-борбор өлкөнүн өсүп жаткан мүмкүнчүлүгүн жана өнүгүүгө болгон умтулуусун чагылдырган заманбап Кыргызстандын жаңы символдорунун бири болорун белгиледи. Президенттин

Бишкек жана Оштун электр тармактарына заманбап эсептегичтер берилди

Бишкек жана Оштун электр тармактарына заманбап эсептегичтер берилди

Ош жана Бишкекке электр жарыгын автоматташтырылган коммерциялык эсепке алуу системасы үчүн жаңы жабдуулар алынды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Ош шаарына 35 976 даана бир фазалуу жана 6 800 даана үч фазалуу эсептегич, ошондой эле маалыматтарды чогултуу жана берүүчү 820 даана түзмөк жеткирилген. Борбор калаага

Токой кызматы Жаратылыш ресурстары министрлигинин карамагына өттү

Токой кызматы Жаратылыш ресурстары министрлигинин карамагына өттү

Токой кызматы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагынан чыгарылып, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине өткөрүлдү.  Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Кызмат менен кошо анын кызматкерлери, каржылоосу жана материалдык-техникалык базасы да жаңы министрликке өтөт. Эми Жаратылыш ресурстары министрлиги токойлорду сактоо, калыбына келтирүү жана пайдалануу, токой кадастрын