Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусунда кырдаал туруктуу - Чек ара кызматы

Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусунда кырдаал туруктуу  - Чек ара кызматы

УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2022-жылдын 20-сентябры саат 08:30гө карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы тилкесинде кырдаал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлгөндүгүн маалымдады. 

19-сентябрдан 20-сентябрга караган түн тынч өттү, терс окуялар катталган жок. 

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан КР УКМКнын Чек ара кызматынын тарамдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө.

Кыргызстан менен Тажикстандын делегацияларынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча тараптардын жумушчу комиссиялары кырдаалды деэскалациялоо жана кошумча күч жана каражаттарды  мамлекеттик чек ара сызыгынан туруктуу жайгаштыруу пункттарына чыгаруу боюнча мурда келишилген келишимдердин аткарылышын текшерүү боюнча иш-чараларды улантат.

Жумушчу комиссиялар жыйындын жүрүшүндө кабыл алынган сунуштарды жана чечимдерди да карайт.

Мындан тышкары окуңуз

Чүй районунда 30 жаран акы төлөнүүчү коомдук иштерге катышты

Чүй районунда 30 жаран акы төлөнүүчү коомдук иштерге катышты

Чүй районуна эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов жана БУУ Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы кеңсесинин директорунун орун басары Согжин барышты. Маалыматка ылайык, "Акы төлөнүүчү коомдук иштер" долбоордун кезектеги этабына Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн 30 тургуну катышып, социалдык жана сугат тутумун жакшыртууга багытталган

Бишкекте 17 жана 22 кабаттуу үйлөрдүн курулуш сапаты текшерилди

Бишкекте 17 жана 22 кабаттуу үйлөрдүн курулуш сапаты текшерилди

Бишкек шаарында курулуп жаткан 17 жана 22 кабаттуу турак үйлөрдөгү бетондун бекемдиги текшерилди. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Текшерүү Нуркамал Жетикашкаева көчөсү, 3А дарегиндеги курулуш объектилеринде жүргүзүлдү. Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун адистери бетондун иш жүзүндөгү бекемдигин аныктоо үчүн конструкцияга зыян келтирбеген атайын ыкма менен

Гендердик зомбулук боюнча улуттук изилдөөнүн жыйынтыктары талкууланды

Гендердик зомбулук боюнча улуттук изилдөөнүн жыйынтыктары талкууланды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде гендердик зомбулуктун алдын алуу жана жабыр тарткан адамдарды коргоо боюнча маселелер каралды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул көйгөйлөр 24-августта өткөн гендердик зомбулук боюнча улуттук изилдөөнүн алдын ала жыйынтыктарын талкуулоого арналган жолугушууда көтөрүлдү. Эмгек министрдин орун басары Аида Исатбек

Улуттук банк баалуу металдардан жасалган 78-коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды

Улуттук банк баалуу металдардан жасалган 78-коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды

Бүгүн КРнын Улуттук банкы “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” сериясындагы “Тайган жарыш” күмүш монетасын жүгүртүүгө чыгарды. Билдирүүгө караганда, монета VI “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – 2026” иш-чарасына арналган жана кыргыз элинин маданий мурастарын сактоо жана жайылтуу максатында чыгарылды. “Тайган жарыш” - бул илгертен эле ар кандай элдик майрамдарда өткөрүлүп келген жана ал бүгүнкү күндө