КР жана Тажикстандын УКМКларынын жетекчилери куралдуу жаңжалды жөнгө салуу боюнча протоколго кол коюшту

КР жана Тажикстандын УКМКларынын жетекчилери куралдуу жаңжалды жөнгө салуу боюнча протоколго кол коюшту

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймактарындагы куралдуу жаңжалды жөнгө салуу жөнүндө протоколго кол коюлду, анда согуштук аракеттерди толук токтотуу, аскерлерди жана аскердик техниканы чыгарып кетүү каралган.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча иш-чаралардын алкагында, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев кечээ, 19-сентябрда кечинде Тажикстандын УКМКсынын төрагасы Саймумин Ятимов менен жолугушканын аталган органдын маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, ок атышууну токтотуу жана кырдаалды басаңдатуу боюнча мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу максатында тараптар КР менен ТРнын чек ара аймактарындагы куралдуу кагылышууну жөнгө салуу жөнүндө протоколго кол коюшту.

Анда согуштук аракеттерди толук токтотуу, аскерлерди жана аскердик техниканы туруктуу жайгаштырылган жерлерине алып кетүү, чек ара заставалары менен комендатураларды биргелешип текшерүү, 14-16-сентябрда болгон куралдуу кагылышууларды тыкыр иликтөө каралган.

Чек ара аймагында тынчтыкты жана туруктуулукту тез арада калыбына келтирүү боюнча тараптардын биргелешкен иши уланууда.

Эскерте кетсек, Ташиев Таджикстанга киргенде, ал жакта кармалып жаткан кыргызстандык 4 чек ара жоокерин бошотуп келген. Маалыматка караганда, алардын абалы жакшы. Бүгүн, кечинде да тажик тарап менен жолугушуу болоору күтүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Чүй районунда 30 жаран акы төлөнүүчү коомдук иштерге катышты

Чүй районунда 30 жаран акы төлөнүүчү коомдук иштерге катышты

Чүй районуна эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов жана БУУ Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы кеңсесинин директорунун орун басары Согжин барышты. Маалыматка ылайык, "Акы төлөнүүчү коомдук иштер" долбоордун кезектеги этабына Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн 30 тургуну катышып, социалдык жана сугат тутумун жакшыртууга багытталган

Бишкекте 17 жана 22 кабаттуу үйлөрдүн курулуш сапаты текшерилди

Бишкекте 17 жана 22 кабаттуу үйлөрдүн курулуш сапаты текшерилди

Бишкек шаарында курулуп жаткан 17 жана 22 кабаттуу турак үйлөрдөгү бетондун бекемдиги текшерилди. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Текшерүү Нуркамал Жетикашкаева көчөсү, 3А дарегиндеги курулуш объектилеринде жүргүзүлдү. Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун адистери бетондун иш жүзүндөгү бекемдигин аныктоо үчүн конструкцияга зыян келтирбеген атайын ыкма менен

Гендердик зомбулук боюнча улуттук изилдөөнүн жыйынтыктары талкууланды

Гендердик зомбулук боюнча улуттук изилдөөнүн жыйынтыктары талкууланды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде гендердик зомбулуктун алдын алуу жана жабыр тарткан адамдарды коргоо боюнча маселелер каралды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул көйгөйлөр 24-августта өткөн гендердик зомбулук боюнча улуттук изилдөөнүн алдын ала жыйынтыктарын талкуулоого арналган жолугушууда көтөрүлдү. Эмгек министрдин орун басары Аида Исатбек

Улуттук банк баалуу металдардан жасалган 78-коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды

Улуттук банк баалуу металдардан жасалган 78-коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды

Бүгүн КРнын Улуттук банкы “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” сериясындагы “Тайган жарыш” күмүш монетасын жүгүртүүгө чыгарды. Билдирүүгө караганда, монета VI “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – 2026” иш-чарасына арналган жана кыргыз элинин маданий мурастарын сактоо жана жайылтуу максатында чыгарылды. “Тайган жарыш” - бул илгертен эле ар кандай элдик майрамдарда өткөрүлүп келген жана ал бүгүнкү күндө