Тажиктердин куралдуу кол салуусунан Баткенде 700дөй объект талкаланды - дагы такталууда

Тажиктердин куралдуу кол салуусунан Баткенде 700дөй объект талкаланды - дагы такталууда

Атайын түзүлгөн комиссия кыргыз-тажик кагылышуусунан келтирилген чыгымды аныктоо иштерин баштады. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, куралдуу кагылышууда 700дөй объект талкаланган. Анын ичинен:

  • Турак жай имараттары – 364
  • Чарбалык курулуштар – 168
  • Социалдык объекттер – 9 (мектеп – 5, бала бакча – 3, ФАП – 1)
  • Стратегиялык объекттер – 5
  • Кыймылсыз мүлк жана турмуш-тиричиликти камсыздоо объектилери – 149
  • Транспорт – 9.

«Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы согуштук аракеттерден кийин Баткен жана Ош облустарында келтирилген зыянды жана кыйратууларды аныктоо боюнча атайын комиссия иштеп жатат», – деп билдирди КРнын ӨКМ Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун башчысы, подполковник Ырысбек Жолдошбаев.

Жолдошбаев белгилегендей, бул акыркы маалыматтар эмес, бардык аймакты, объектилерди изилдөө жана келтирилген зыянды баалоо боюнча иштер уланууда.

Эскерте кетсек, бүгүн, 20-сентябрдан баштап, Баткен облусунун жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек ара аймактарында жарылбай калган снаряддарды, миналарды жана башка жарылуучу каражаттарды таап, аларды зыянсыздандырып, тазалоо боюнча иш-аракеттер башталды.


Эске салсак, 16-сентябрда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча куралдуу кагылышуулар башталып, Баткен облусунун тургундарын эвакуациялоо иштери башталган. КРнын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тажик тарап оор бронтехникаларды, ракеталык системаларды жана авиацияны колдонгону тууралуу маалымат берди. Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов саат 16:00дө ок атышууну токтотууну макулдашышкан. Бирок эки сааттан кийин Тажикстан Республикасынын чек арачылары Кыргызстан тарапка кайрадан ок чыгарышкан.

Жалпы Баткен облус боюнча 136 770 жаран  эвакуацияланып, анын ичинен 3767 жаран убактылуу кабыл алуу жайларга жайгашкан. 

Бүгүн, 20-сентябрга карата куралдуу кагылышуудан шейит болгондордун саны 59га, жаракат алгандардын саны 185ке жетти.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк баалуу металдардан жасалган 78-коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды

Улуттук банк баалуу металдардан жасалган 78-коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды

Бүгүн КРнын Улуттук банкы “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” сериясындагы “Тайган жарыш” күмүш монетасын жүгүртүүгө чыгарды. Билдирүүгө караганда, монета VI “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – 2026” иш-чарасына арналган жана кыргыз элинин маданий мурастарын сактоо жана жайылтуу максатында чыгарылды. “Тайган жарыш” - бул илгертен эле ар кандай элдик майрамдарда өткөрүлүп келген жана ал бүгүнкү күндө

Бишкекте "Ырыс-Ордо" конгресс-борбору пайдаланууга берилди

Бишкекте "Ырыс-Ордо" конгресс-борбору пайдаланууга берилди

Президент Садыр Жапаров кечээ Бишкек шаарындагы "Ырыс-Ордо" мамлекеттик конгресс-борборунун ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу Президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти. Мамлекет башчысы иш-чарада сөз сүйлөп, жаңы конгресс-борбор өлкөнүн өсүп жаткан мүмкүнчүлүгүн жана өнүгүүгө болгон умтулуусун чагылдырган заманбап Кыргызстандын жаңы символдорунун бири болорун белгиледи. Президенттин

Бишкек жана Оштун электр тармактарына заманбап эсептегичтер берилди

Бишкек жана Оштун электр тармактарына заманбап эсептегичтер берилди

Ош жана Бишкекке электр жарыгын автоматташтырылган коммерциялык эсепке алуу системасы үчүн жаңы жабдуулар алынды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Ош шаарына 35 976 даана бир фазалуу жана 6 800 даана үч фазалуу эсептегич, ошондой эле маалыматтарды чогултуу жана берүүчү 820 даана түзмөк жеткирилген. Борбор калаага

Токой кызматы Жаратылыш ресурстары министрлигинин карамагына өттү

Токой кызматы Жаратылыш ресурстары министрлигинин карамагына өттү

Токой кызматы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагынан чыгарылып, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине өткөрүлдү.  Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Кызмат менен кошо анын кызматкерлери, каржылоосу жана материалдык-техникалык базасы да жаңы министрликке өтөт. Эми Жаратылыш ресурстары министрлиги токойлорду сактоо, калыбына келтирүү жана пайдалануу, токой кадастрын