Баткен облусуна жалпы 1053 тонна гумжардам жеткирилди

Баткен облусуна жалпы 1053 тонна гумжардам жеткирилди

Баткен облусу боюнча 136 770 жаран эвакуацияланып, анын ичинен 3721 жаран убактылуу кабыл алуу жайларга жайгашкан жана жалпы 1053 тонна гумжардам жеткирилди. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Мындан сырткары, Баткен облусунан келген жарандарды кабыл алуу үчүн Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринин   жатаканаларына 1247 жаран жайгашкан. 

Жалпы Баткен облусундагы жана Ош шаарындагы убактылуу кабыл алуучу жайларга 4968 жаран жайгашкан (57 ПВР: Баткен-49, Ош шаары-9). Ал эми Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди а/а 5301 жаран эвакуацияланган.

“Баткен облусуна жалпы 1053 тонна гумжардам жеткирилген. Анын ичинен 131 тонна КР ӨКМ тарабынан, 732.729 тонна жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген, учурда кампада 188.95 тонна  гуманитардык жардам турат. Республиканын аймактарынан чогултулган гуманитардык жардамдар 122 оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп, Баткен облусунун аймагына жөнөтүлдү”, – деп айтылат маалыматта. 

Республиканын бардык облус жана шаарларында гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 188 пункт уюштурулуп, иштер жүрүп жатат:

  • Ош облусунда – 44
  • Жалал-Абад облусунда – 12
  • Нарын облусунда – 6
  • Ысык-Көл облусунда – 69
  • Талас облусунда – 43
  • Чүй облусунда – 12
  • Ош шаарында – 1
  • Бишкек шаарында – 1. 

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк баалуу металдардан жасалган 78-коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды

Улуттук банк баалуу металдардан жасалган 78-коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды

Бүгүн КРнын Улуттук банкы “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” сериясындагы “Тайган жарыш” күмүш монетасын жүгүртүүгө чыгарды. Билдирүүгө караганда, монета VI “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – 2026” иш-чарасына арналган жана кыргыз элинин маданий мурастарын сактоо жана жайылтуу максатында чыгарылды. “Тайган жарыш” - бул илгертен эле ар кандай элдик майрамдарда өткөрүлүп келген жана ал бүгүнкү күндө

Бишкекте "Ырыс-Ордо" конгресс-борбору пайдаланууга берилди

Бишкекте "Ырыс-Ордо" конгресс-борбору пайдаланууга берилди

Президент Садыр Жапаров кечээ Бишкек шаарындагы "Ырыс-Ордо" мамлекеттик конгресс-борборунун ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу Президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти. Мамлекет башчысы иш-чарада сөз сүйлөп, жаңы конгресс-борбор өлкөнүн өсүп жаткан мүмкүнчүлүгүн жана өнүгүүгө болгон умтулуусун чагылдырган заманбап Кыргызстандын жаңы символдорунун бири болорун белгиледи. Президенттин

Бишкек жана Оштун электр тармактарына заманбап эсептегичтер берилди

Бишкек жана Оштун электр тармактарына заманбап эсептегичтер берилди

Ош жана Бишкекке электр жарыгын автоматташтырылган коммерциялык эсепке алуу системасы үчүн жаңы жабдуулар алынды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Ош шаарына 35 976 даана бир фазалуу жана 6 800 даана үч фазалуу эсептегич, ошондой эле маалыматтарды чогултуу жана берүүчү 820 даана түзмөк жеткирилген. Борбор калаага

Токой кызматы Жаратылыш ресурстары министрлигинин карамагына өттү

Токой кызматы Жаратылыш ресурстары министрлигинин карамагына өттү

Токой кызматы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагынан чыгарылып, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине өткөрүлдү.  Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Кызмат менен кошо анын кызматкерлери, каржылоосу жана материалдык-техникалык базасы да жаңы министрликке өтөт. Эми Жаратылыш ресурстары министрлиги токойлорду сактоо, калыбына келтирүү жана пайдалануу, токой кадастрын