Баткендеги чек арадагы жаңжал учурунда жоголгон жарандардын документтери акысыз калыбына келтирилет

Баткендеги чек арадагы жаңжал учурунда жоголгон жарандардын документтери акысыз калыбына келтирилет

Санариптик өнүктүрүү министрлиги Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда документтери жоголгон жарандардын документтерин акысыз калыбына келтире тургандыгын билдирди.

Бүгүнкү күндө «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын КТБнын жана калкты каттоо департаментинин аймактык Баткен, Кадамжай, Лейлек райондорунун бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринен турган мобилдик топтор түзүлдү.

Мобилдик топтор жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн
катышуусунда документтештирүүгө зарыл болгон жарандардын тизмесин түзөт.

Белгилей кетсек, мобилдүү калкты тейлөө борборлору паспорттоштуруу жана жарандык абалдын актыларын каттоо жана тиешелүү күбөлүктөрдү берүү боюнча бардык керектүү техникалык жабдуулар менен жабдылган.

Мындан тышкары, Бишкек жана Ош шаарларындагы саламаттыкты сактоо уюмдарындагы жарандардын документтерин калыбына келтирүү боюнча иштер башталды.

“Ошондой эле, 2022-жылдын 19-сентябрынан баштап калкты каттоо
департаментинин Лейлек районунун Кулунду айылындагы жана Баткен районунун Самаркандек айылынан башка аймактар аралык бөлүмдөрү жана бардык калкты тейлөө борборлору штаттык режимде иштей баштаганын билдиребиз”, – дейт министрлик.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк баалуу металдардан жасалган 78-коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды

Улуттук банк баалуу металдардан жасалган 78-коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды

Бүгүн КРнын Улуттук банкы “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” сериясындагы “Тайган жарыш” күмүш монетасын жүгүртүүгө чыгарды. Билдирүүгө караганда, монета VI “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – 2026” иш-чарасына арналган жана кыргыз элинин маданий мурастарын сактоо жана жайылтуу максатында чыгарылды. “Тайган жарыш” - бул илгертен эле ар кандай элдик майрамдарда өткөрүлүп келген жана ал бүгүнкү күндө

Бишкекте "Ырыс-Ордо" конгресс-борбору пайдаланууга берилди

Бишкекте "Ырыс-Ордо" конгресс-борбору пайдаланууга берилди

Президент Садыр Жапаров кечээ Бишкек шаарындагы "Ырыс-Ордо" мамлекеттик конгресс-борборунун ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу Президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти. Мамлекет башчысы иш-чарада сөз сүйлөп, жаңы конгресс-борбор өлкөнүн өсүп жаткан мүмкүнчүлүгүн жана өнүгүүгө болгон умтулуусун чагылдырган заманбап Кыргызстандын жаңы символдорунун бири болорун белгиледи. Президенттин

Бишкек жана Оштун электр тармактарына заманбап эсептегичтер берилди

Бишкек жана Оштун электр тармактарына заманбап эсептегичтер берилди

Ош жана Бишкекке электр жарыгын автоматташтырылган коммерциялык эсепке алуу системасы үчүн жаңы жабдуулар алынды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Ош шаарына 35 976 даана бир фазалуу жана 6 800 даана үч фазалуу эсептегич, ошондой эле маалыматтарды чогултуу жана берүүчү 820 даана түзмөк жеткирилген. Борбор калаага

Токой кызматы Жаратылыш ресурстары министрлигинин карамагына өттү

Токой кызматы Жаратылыш ресурстары министрлигинин карамагына өттү

Токой кызматы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагынан чыгарылып, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине өткөрүлдү.  Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Кызмат менен кошо анын кызматкерлери, каржылоосу жана материалдык-техникалык базасы да жаңы министрликке өтөт. Эми Жаратылыш ресурстары министрлиги токойлорду сактоо, калыбына келтирүү жана пайдалануу, токой кадастрын