Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында абал туруктуу, бирок чыңалуу элементтери бар

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында абал туруктуу, бирок чыңалуу элементтери бар

УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат кызматы бүгүн, 21-сентябрь саат 09.00гө карата Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде абал чыңалуу элементтери сакталуу менен салыштырмалуу туруктуу деп маалымдашты. 

Маалыматка таянсак, 20-сентябрдан 21-сентябрга караган түн тынч өттү, терс окуялар катталган жок.

Эскерте кетсек, 20-сентябрдан тарта мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде чек ара аймактарында жарылбай калган ок-дарылардан, миналардан, снарядтардан жана башка жардыргыч заттардан табуу, тазалоо жана зыянсыздандыруу иштери жүргүзүлүүдө.

“Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан КР УКМКнын Чек ара кызматынын тарамдары күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөнү улантууда”, – дейт аталган кызмат.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк баалуу металдардан жасалган 78-коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды

Улуттук банк баалуу металдардан жасалган 78-коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды

Бүгүн КРнын Улуттук банкы “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” сериясындагы “Тайган жарыш” күмүш монетасын жүгүртүүгө чыгарды. Билдирүүгө караганда, монета VI “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – 2026” иш-чарасына арналган жана кыргыз элинин маданий мурастарын сактоо жана жайылтуу максатында чыгарылды. “Тайган жарыш” - бул илгертен эле ар кандай элдик майрамдарда өткөрүлүп келген жана ал бүгүнкү күндө

Бишкекте "Ырыс-Ордо" конгресс-борбору пайдаланууга берилди

Бишкекте "Ырыс-Ордо" конгресс-борбору пайдаланууга берилди

Президент Садыр Жапаров кечээ Бишкек шаарындагы "Ырыс-Ордо" мамлекеттик конгресс-борборунун ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу Президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти. Мамлекет башчысы иш-чарада сөз сүйлөп, жаңы конгресс-борбор өлкөнүн өсүп жаткан мүмкүнчүлүгүн жана өнүгүүгө болгон умтулуусун чагылдырган заманбап Кыргызстандын жаңы символдорунун бири болорун белгиледи. Президенттин

Бишкек жана Оштун электр тармактарына заманбап эсептегичтер берилди

Бишкек жана Оштун электр тармактарына заманбап эсептегичтер берилди

Ош жана Бишкекке электр жарыгын автоматташтырылган коммерциялык эсепке алуу системасы үчүн жаңы жабдуулар алынды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Ош шаарына 35 976 даана бир фазалуу жана 6 800 даана үч фазалуу эсептегич, ошондой эле маалыматтарды чогултуу жана берүүчү 820 даана түзмөк жеткирилген. Борбор калаага

Токой кызматы Жаратылыш ресурстары министрлигинин карамагына өттү

Токой кызматы Жаратылыш ресурстары министрлигинин карамагына өттү

Токой кызматы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагынан чыгарылып, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине өткөрүлдү.  Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Кызмат менен кошо анын кызматкерлери, каржылоосу жана материалдык-техникалык базасы да жаңы министрликке өтөт. Эми Жаратылыш ресурстары министрлиги токойлорду сактоо, калыбына келтирүү жана пайдалануу, токой кадастрын