"Кыргызтест" сертификаты эми "Түндүк" тиркемеси аркылуу берилиши мүмкүн
"Кыргызтест" мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо системасы жөнүндө жобого өзгөртүү киргизилүүдө. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтому коомдук талкууга коюлду.
Документке ылайык, "Кыргызтест" мамлекеттик мекемеси тарабынан мамлекеттик тилди билүү деңгээлин тастыктоочу сертификаттар эми "Түндүк" тиркемеси аркылуу электрондук түрдө берилет.
Ал эми кагаз түрүндөгү сертификатты же тестирлөөнүн жыйынтыгы тууралуу маалымкатты "Кыргызтест" мамлекеттик мекемеси жарандардын жеке арызынын негизинде жана "Түндүк" тиркемесине кошулбаган чет өлкөлүк жарандарга гана берет.
Токтомдун максаты - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү, жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана административдик чыгымдарды кыскартуу болуп саналат.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу