«Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын катышуучуларынан 11 миң даттануу келип түштү

«Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын катышуучуларынан 11 миң даттануу келип түштү

Салык кызматынын лотереясынын катышуучуларынан ККМ жоктугу жана кассалык чек берилбегендиги боюнча 11 миңден ашык даттануу келип түшкөн. Бул тууралуу МСК кабарлады.
 

“Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереянын активдүү катышуучуларынын аркасында Мамлекеттик салык кызматы салык мыйзамдарын системалуу түрдө бузган бир катар ишкерлерди аныктаган.

2022-жылдын 10-майынан тартып, башкача айтканда Салык кызматынын лотереясы расмий ишке киргизилген күндөн тартып “Салык чек” мобилдик тиркемеси аркылуу лотереянын катышуучуларынан 11 миң 162 даттануу келип түшкөн. Алардын көпчүлүгү буга чейин иштелип чыккан.

Даттанууларда негизинен кассалык чектердин берилбегендиги жана ККМдин жоктугу, ошондой эле чектерди иштеп чыгуудагы жана тиркемеден ID-билеттерди берүүдөгү каталар көрсөтүлгөн.

Бүгүнкү күндө лотереянын катышуучуларынын жардамы менен салык мыйзамдарынын талаптарын четке кагып, сатып алуучулар менен эсептешүүдө кассалык чек беришпеген 75 субъект аныкталды.

Алсак, Бишкек шаарындагы “Мегасити” дүкөндөр тармагына 141 даттануу, “Оптовые цены” дүкөнүнө – 125, “Шекер” – 49, “Сити Маркет ” – 35, “Мега косметикс” – 19, “Метро” – 28, “Бимар” – 26, “Ак куш” – 16, “Бекбекей” – 17 даттануу, ал эми “Реалист”, “Финик”, “Береке+”, “Кампа”, “Любимый”, “У дома” дүкөндөрүнө – 25тен, “Бум”, “Ми стор”, “Я мама” – 12ден даттануу келип түшкөн. “Фаиза” кафесинин тармагына жарандар 46 жолу, “Буфет” – 24, “Осмон Кебаб” – 18, “Гурман” – 17 жолу арызданышты.

Ош шаарында “Акниет” дүкөндөр тармагына 67 даттануу, “Корзинка” дүкөнүнө – 12, “Алай” кафесине – 14, “Лаваш борбору” – 14 даттануу түшкөн.

Ушундай эле даттануулар республиканын башка региондорунда жайгашкан дүкөндөргө жана коомдук тамактануу жайларына карата келип түшкөн.


Эскерте кетсек, 2022-жылдын 1-октябрында “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереяны ойнотуунун экинчи этабы өткөрүлөт, анда бизнес-өнөктөштөрдүн колдоосу менен 1 авто унаа, 11 iPhone, 10 смартфон, 16 даана ар кандай тиричилик техникасы ойнотулат.

Утуш оюну саат 16:00дө башталат жана “Ала-Тоо 24” телеканалында, ошондой эле Салык кызматынын Youtube жана Facebook баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт.

Лотереяга катышуу үчүн смартфонуңузга “Салым чек” мобилдик тиркемесин жүктөп алып, каттоодон өтүү жана тиркеменин сканери аркылуу алынган кассалык чектердин QR-кодун сканерден өткөрүү зарыл.

Ар бир товар же кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алган сайын кассалык чек талап кылуу зарыл.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан жыл башынан бери 9,3 миң тоннадан ашык кант экспорттоду

Кыргызстан жыл башынан бери 9,3 миң тоннадан ашык кант экспорттоду

2026-жылы Кыргызстандан 9 357,3 тонна кант экспорттолду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, быйыл өлкө боюнча 11 800 гектар жерге кант кызылчасы айдалган. Кант кызылчасын өстүрүү жана кант өндүрүшүн өнүктүрүү өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга, кайра иштетүү тармагынын

Чүйдө калдыктар кайра иштетилип, башаламан таштанды төгүүчү жайлар азаят

Чүйдө калдыктар кайра иштетилип, башаламан таштанды төгүүчү жайлар азаят

Чүй облусундагы таштанды төгүлүүчү жайларда топтолгон калдыктарды Бишкектеги кайра иштетүүчү заводго жеткирүү маселеси боюнча жолугушуу өттү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жыйынга Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн аппаратынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, райондук администрациялардын жана айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрү, шаарлардын мэриялары, ошондой эле

Улуттук банк эсептик чендин өлчөмүн 12,00 % деңгээлинде  калтырды

Улуттук банк эсептик чендин өлчөмүн 12,00 % деңгээлинде калтырды

КРнын Улуттук банкынын Башкармасы эсептик ченди 12,00 % деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алды. Акыркы жолу эсептик чен 2026-жылдын февраль айында 11%дан 12%га жогорулаган. Улуттук банктын өкүлдөрүнүн билдирүүсунө караганда, тышкы шарттар өлкөдөгү баалардын динамикасын аныктоочу негизги фактор бойдон калууда. Эсептик ченге байланышкан басма сөз жыйынынын жүрүшүндө төраганын орун

Кыргызстанда эт тармагын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор ишке ашат

Кыргызстанда эт тармагын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор ишке ашат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде Ишкерлер союзунун өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, талкууда учурдагы инфратүзүмдү натыйжалуу пайдалануу, инвестиция тартуу жана мал өндүрүүчүлөр, бордоп семиртүүчү чарбалар менен кайра иштетүүчү ишканалардын кызматташтыгын өнүктүрүүгө көңүл бурулду. Белгиленгендей, эт багытын