Бишкекте VIP-кичи бустарды линияга чыгаруу пландалууда — жол кире 40-50 сом болот

Бишкекте VIP-кичи бустарды линияга чыгаруу пландалууда — жол кире 40-50 сом болот

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаменти Бишкекке VIP-кичи бустарды киргизиши мүмкүн. Бул тууралуу кечээ, 27-сентябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында аталган мекеменин бөлүм башчысы Максат Нусувалиев билдирди.

Депутат Дастан Бекешев маршруттук линияларды эмне үчүн кымбат болсо да, ыңгайлуу, туруп эмес, отуруп кете турган кылып койсо болбойт деп сурады. «Төлөй ала турган категориядагы адамдар бар», – деди депутат.

Транспорт департаментинин башчысы депутаттын сунушуна толук макул экенин билдирди:

«Транспорт департаменти тарабынан бул багытта иштер жүрүп жатат. Бул долбоор учурда бекитилүүдө. Долбоор VIP-автобустардын белгилүү бир түрүн киргизүүнү карайт. Аларда жол кире акысы 40-50 сомду түзөт», – деди ал.

Эске салсак, учурда Бишкекте 101 маршруттук линия бар жана 1200-1500 маршруттук кичи автобустар иштейт.

Мындан тышкары окуңуз

16%дан башталган бизнес-кредиттер: DemirBankтан 31-октябрга чейин атайын шарттар

16%дан башталган бизнес-кредиттер: DemirBankтан 31-октябрга чейин атайын шарттар

Жаңы буйрутмалар, заманбап жабдуулар, ассортиментти кеңейтүү же кошумча багытты ишке киргизүү — бизнесиңизди өнүктүрүү боюнча пландарыңызды DemirBankтын атайын шарттары менен азыртан ишке ашырыңыз. 2026-жылдын 31-октябрына чейин ишкерлер үчүн төмөнкү сунуштар жеткиликтүү: ·       чакан жана орто бизнес үчүн бизнес-кредиттер — жылдык 17%дан; ·       "Арууке" программасы боюнча ишкер айымдар үчүн

Министрлик Орусиядагы кыргызстандыктардын 30 баласын эс алууга жөнөттү

Министрлик Орусиядагы кыргызстандыктардын 30 баласын эс алууга жөнөттү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Орусияда жашаган кыргызстандыктардын 30 баласын Чолпон-Ата шаарындагы "Меридиан" ден соолукту чыңдоо лагерине жайкы эс алууга жөнөттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады. Демилгенин негизги максаты — чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктардын балдарынын Кыргызстан менен байланышын бекемдөө, улуттук өзгөчөлүгүн сактоого көмөктөшүү жана аларды

Сокулук айыл өкмөтүнүн казынасына 91,1 млн сом түштү

Сокулук айыл өкмөтүнүн казынасына 91,1 млн сом түштү

Сокулук айыл өкмөтүндө 2026- жылдын биринчи жарым жылдыгында социалдык-экономикалык өнүгүүгө багытталган бир катар иштер аткарылды. Жергиликтүү бюджеттин киреше планы 146,7%га аткарылып, казынага 91,1 млн сом түштү. Бул тууралуу Сокулук айыл өкмөтүнөн кабарлашты. Сокулук айыл өкмөтү башчысы Р.Иштыбаевдин маалыматына караганда , түшкөн каражаттын негизги бөлүгү салыктык кирешелерден

Кыргызстанда бензиндин баасын туруктуу кармоо үчүн 956 млн сом бөлүндү

Кыргызстанда бензиндин баасын туруктуу кармоо үчүн 956 млн сом бөлүндү

Кыргызстанда бензиндин чекене баасын туруктуу кармоо үчүн мунай ташуучу компанияларга 956 млн 139 миң сом мамлекеттик субсидия бөлүндү. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн ички рыногун күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо маселеси талкууланган жыйында билдирди. Маалыматка ылайык, субсидия күйүүчү-майлоочу материалдардын иш жүзүндөгү наркы менен чекене баасынын ортосундагы