ЕРӨБдүн каржылоосу менен Ошто санитардык полигон курулат

Ошто жаңы санитардык полигон пайда болот жана ал Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) долбоорунун алкагында курулат. Бул тууралуу кечээ, 27-сентябрда сессиянын жүрүшүндө Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев билдирди.

Учурдагы полигондун жанына жаңы санитардык полигон курулат. Жаңы полигондун пландалган аянты 24 гектарды түзөт жана ЕРӨБ долбоорунун алкагында жүргүзүлөт.

“Биз 5 жылдан бери башка жактан, шаардын четинен жер издеп жүргөнбүз. Бирок таппай, азыркы жердин жанына куруу чечими кабыл алынды. Учурда даярдык иштери жүрүп жатат. Бирок, азыр иштеп жаткан полигонду рекультивациялоону европалык стандартка ылайык жүргүзүү зарыл, андан кийин ал жабылат. Андан ары алдын ала долбоор даярдалгандан кийин европалык стандартка ылайык жаңы санитардык полигонду куруу иштери башталат”, – деди Жунусбаев.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токтогул шаары 5,3 млн сомго таштанды ташуучу унаа сатып алды

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды