Голландиялык банк «Бай-Түшүмгө» чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн 10 млн доллар насыя берет

Голландиялык банк «Бай-Түшүмгө» чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн 10 млн доллар насыя берет

«Бай-Түшүм» банкы Голландиянын Өнүктүрүү жана Ишкердик Банкы (FMO) менен чакан жана орто бизнести (ЧОИ) өнүктүрүү үчүн 10 млн долларлык кредитке келишим түздү. Бул тууралуу банктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, FMO үстүбүздөгү жылдын июль айында «Бай-Түшүм» менен 4 жылдык мөөнөткө 10 млн долларлык кредиттик келишимге кол коюшкан. Каражат чакан жана орто бизнести каржылоого жумшалат.

Бул каржылоонун алкагында «Бай-Түшүм» ишкерлерди жана жеке секторду насыялоону көбөйтүүнү максат кылууда. 35 жашка чейинки жаш ишкерлер жана ишкер аялдар аталган каржылоонун маанилүү сегменти болушмакчы.


Маалымдама:

FMO – дымактуу ишкердик долбоорлорго инвестициялоо аркылуу өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө жеке сектордун туруктуу өсүшүн колдогон алдыңкы инвестор болуп саналат. 12.1 млрд евролук портфели бар, жеке секторду өнүктүрүп келе жаткан банк дүйнөнүн 84 өлкөсүндө иш алып барат.

FMO экономикалык жана социалдык өнүгүүгө чоң таасирин тийгизген каржы институттары, энергетика жана агробизнес, тамак-аш жана суу секторлоруна басым жасап келет.

Мындан тышкары окуңуз

16%дан башталган бизнес-кредиттер: DemirBankтан 31-октябрга чейин атайын шарттар

16%дан башталган бизнес-кредиттер: DemirBankтан 31-октябрга чейин атайын шарттар

Жаңы буйрутмалар, заманбап жабдуулар, ассортиментти кеңейтүү же кошумча багытты ишке киргизүү — бизнесиңизди өнүктүрүү боюнча пландарыңызды DemirBankтын атайын шарттары менен азыртан ишке ашырыңыз. 2026-жылдын 31-октябрына чейин ишкерлер үчүн төмөнкү сунуштар жеткиликтүү: ·       чакан жана орто бизнес үчүн бизнес-кредиттер — жылдык 17%дан; ·       "Арууке" программасы боюнча ишкер айымдар үчүн

Министрлик Орусиядагы кыргызстандыктардын 30 баласын эс алууга жөнөттү

Министрлик Орусиядагы кыргызстандыктардын 30 баласын эс алууга жөнөттү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Орусияда жашаган кыргызстандыктардын 30 баласын Чолпон-Ата шаарындагы "Меридиан" ден соолукту чыңдоо лагерине жайкы эс алууга жөнөттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады. Демилгенин негизги максаты — чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктардын балдарынын Кыргызстан менен байланышын бекемдөө, улуттук өзгөчөлүгүн сактоого көмөктөшүү жана аларды

Сокулук айыл өкмөтүнүн казынасына 91,1 млн сом түштү

Сокулук айыл өкмөтүнүн казынасына 91,1 млн сом түштү

Сокулук айыл өкмөтүндө 2026- жылдын биринчи жарым жылдыгында социалдык-экономикалык өнүгүүгө багытталган бир катар иштер аткарылды. Жергиликтүү бюджеттин киреше планы 146,7%га аткарылып, казынага 91,1 млн сом түштү. Бул тууралуу Сокулук айыл өкмөтүнөн кабарлашты. Сокулук айыл өкмөтү башчысы Р.Иштыбаевдин маалыматына караганда , түшкөн каражаттын негизги бөлүгү салыктык кирешелерден

Кыргызстанда бензиндин баасын туруктуу кармоо үчүн 956 млн сом бөлүндү

Кыргызстанда бензиндин баасын туруктуу кармоо үчүн 956 млн сом бөлүндү

Кыргызстанда бензиндин чекене баасын туруктуу кармоо үчүн мунай ташуучу компанияларга 956 млн 139 миң сом мамлекеттик субсидия бөлүндү. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн ички рыногун күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо маселеси талкууланган жыйында билдирди. Маалыматка ылайык, субсидия күйүүчү-майлоочу материалдардын иш жүзүндөгү наркы менен чекене баасынын ортосундагы