Кыргызстанга кызыккан россиялыктар көбөйдү - сегиз айда 170 миң орус жараны катталды

Кыргызстанга кызыккан россиялыктар көбөйдү - сегиз айда 170 миң орус жараны катталды

Акыркы бир жумада эле Telegram каналындагы “Кыргызстанга кош келиңиздер” (“Добро пожаловать в Кыргызстан”) тайпасына 10 миңден ашуун адам кошулду. Алардын көбү Кыргызстанга көчүүгө кызыкдар болгон россиялыктар болуп эсептелет.

21-сентябрда Россияда жарым-жартылай мобилизация жарыялангандан кийин аскер курагындагы эркектер массалык түрдө өлкөдөн чыга баштаган. Кыргызстан да Россиядан визасыз жана эл аралык паспортсуз тез келе турган өлкөлөрдүн тизмесине киргендиктен кызыгуу артты.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, 21-сентябрдан бери Россиянын 3 миң 526 жараны каттоодон өткөн. Бирок белгилей кетүүчү нерсе, бул Кыргызстанда каттоосуз жүрүүгө мүмкүн болгон 30 күндүк мөөнөтү бүтүп, кайра каттоого турууга мажбур болгон мурда келгендердин саны болуп эсептелет.

«Сентябрь айында Кыргызстанга канча орус жараны келгенин айта албайбыз, анткени биз катталгандардын санын гана эсепке алабыз. Ал эми сентябрь айында келгендер бир айдан кийин, октябрь айында гана каттала башташат», – деп баса белгиледи министрлик.

Ошол эле учурда Чек ара кызматы акыркы бир айда канча орус жараны чек арадан өттү деген суроого жооп бере алган жок.

Economist.kg Кыргызстанга көчүүгө кызыкдар болгондордун саны канчалык күчөгөнүн билүү үчүн «Добро пожаловать в Кыргызстан», тайпасынын администрациясы менен байланышты. Бул тайпада Кыргызстандын жашоосу тууралуу бардык пайдалуу маалыматтар, анын ичинде: чыгымдарды кантип эсептөө, үйдү ижарага алуу, мал алып келүү, унаа менен келүү жана башка суроолорго жоопторду камтыйт.

«Жылдын башында тайпада кошулган жарандардын агымы акырын, бирок туруктуу болчу. 20-сентябрга карата биз 4440ка жетти. 21-сентябрдан кийин кошулгандардын агымы кескин көбөйүп, тайпага дароо эле 10 миңден ашык адам кошулду. Бул сан дагы өсүүдө», – деди топтун администратору.

Бирок, ал бардык колдонуучулардын арасында маалыматтарды окуп, суроолорго жооп берген жергиликтүү колдонуучулардын кыйла көп экенин баса белгиледи, ошондуктан ал тайпа жалаң орустардан турат деп айтуу кыйын.

Орустар Кыргызстанда калууну пландап жатабы же бул өлкөнү башка өлкөлөргө өтүүчү транзиттик чекит катары эсептейби деген суроого топтун администрациясы бул маселе боюнча так маалымат жок экендигин айтты.

Ал ошондой россиялыктардын эң көп суроолору турак жай, чек арадан өтүү, каттоо, банк карталарын алуу жана баштапкы документтерге тиешелүү экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, Санариптик ѳнүктүрүү министрлигин маалыматы боюнча, үстүбүздѳгү жылдын сегиз айында эле РФнын 170 миң жараны каттоодон өткөн. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштыра турган болсок, анда 141 миң 323 адам катталган болчу.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте курулуп жаткан жолдордун абалы текшерилди

Бишкекте курулуп жаткан жолдордун абалы текшерилди

Бишкек шаарынын мэринин орун басары Атай Муратбек көчмө жыйын өткөрүп, анын алкагында борбор калаанын жол инфраструктурасын куруу жана оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүн текшерди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, шаардык мэрия үчүн транспорттук тармакты өнүктүрүү артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Жолдорду системалуу түрдө жаңылоо көчөлөрдөгү тыгындарды азайтып, шаар тургундарынын

Жалал-Абаддагы "Манас" сейил багы 6 млн долларга жаңыланды

Жалал-Абаддагы "Манас" сейил багы 6 млн долларга жаңыланды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу жаңыланган "Манас" сейил багын көрүп чыкты. Жалпы аянты 5,3 гектарды түзгөн мурдагы "Жеңиш" эл алуу багы 6 миллион долларлык инвестициянын негизинде толугу менен жаңыланды. Долбоордун алкагында сейил бакка 27

Таш-Көмүрдө архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Таш-Көмүрдө архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Таш-Көмүр шаарында архитектура башкармалыгынын жаңы имаратынын расмий ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев катышты. Маалыматка ылайык, жаңы имарат министрликтин материалдык-техникалык базасын чыңдоо

Кыргызстан менен Швейцария каржылык өнөктөштүктү чыңдоону көздөйт

Кыргызстан менен Швейцария каржылык өнөктөштүктү чыңдоону көздөйт

Каржы министри Руслан Суйналиев Швейцариянын Экономика маселелери боюнча мамлекеттик катчылыгынын Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү бөлүмүнүн жетекчиси, өкмөттүн соода келишимдери боюнча өкүлү Пьетро Лаццери менен жолугушту. Министрликтен билдиришкендей, тараптар Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы финансылык-экономикалык кызматташуунун учурдагы абалын жана келечектеги багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл чакан экономиканы колдоо, мамлекеттик башкарууну өнүктүрүү жана