Жалал-Абад облусуна эвакуациялангандардан 114 жаран Баткенге кайтты

28-сентябрда Жалал-Абад облусунда убактылуу баш калкалап жаткан баткендик 466 жарандын 114тү өз үйлөрүнө кайтуу үчүн жолго чыгышты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Алар үчүн жергиликтүү бийлик тарабынан 1 кичи автобус, ошондой эле өздөрү тараптан 3 кичи автобус, 1 портер, 11 жеңил унаа менен жалпы 114 жаран кайткан.

“Учурда облуста 352 жаран калды. Алардын 29у убактылуу пункттарда, 323 жаран жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө жайгашкан. Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусуна Баткен облусунан жалпы 466 жаран эвакуацияланган. Анын ичинен 430 жаран жарандардын үйлөрүнө, 36 жаран эвакуациялык пунктарда (ПВР) жайгашкан”, – деп айтылат маалыматта.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токтогул шаары 5,3 млн сомго таштанды ташуучу унаа сатып алды

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды