МИК Азиянын ипотекалык рыноктор ассоциациясынын мүчөсү болду

МИК Азиянын ипотекалык рыноктор ассоциациясынын мүчөсү болду

КРнын Мамлекеттик Ипотекалык Компаниясы расмий түрдө Азиянын ипотекалык рыноктор ассоциациясынын (ASMMA) мүчөсү болду. Бул тууралуу МИКтин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында Азиянын ипотекалык рыногунун ассоциациясынын (ASMMA) VIII отуруму жана “Азия аймагында жашыл турак жайды өнүктүрүү жана каржылоо” (DFGH22) конференциясы болуп өткөн. КР МИК мыкты тажрыйбаларды бөлүшүү үчүн чакырылган.

Жолугушууда «МИК» ААКнын төрайымы Аида Төлөгөнова МИКтин ишмердүүлүгү менен тааныштырып, компаниянын Азиянын ипотекалык рыноктор ассоциациясы (АСММА) менен тыгыз өз ара пайдалуу кызматташууга даярдыгын белгилеген.

“МИКтин презентациясын угуп, ASMMA мүчөлөрү бир добуштан МИК ААКсынын Азиянын ипотекалык уюмдар ассоциациясынын катарына кабыл алуу тууралуу добуш беришти. ASMMAга мүчө болуу менен компания турак жай каржылоосун колдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу менен бирге турак жай рыногун өнүктүрүү үчүн идеяларды, жаңыча көз караштарды жана тажрыйбаларды алмашуу мүмкүнчүлүгүн алат”, – деп айылат билдирүүдө.

Ошондой эле аймактык капитал рыногун интеграциялоо боюнча маалымат, идеялар, пикирлер, тажрыйбалар жана мыкты тажрыйбалар менен алмашуу аянтчасын колдонууга мүмкүнчүлүк берет.

Талкуулар ошондой эле өсүп келе жаткан шаар калкынын керектөөлөрүн канааттандыруу көйгөйлөрүнө жана инновациялык чечимдер жана жаңы жашыл технологиялар аркылуу турак-жай көйгөйлөрүн кантип чечүүгө багытталган. Конференция эл аралык жашыл каржы институттарын жана капитал рынокторун тартуу аркылуу туруктуу жана жеткиликтүү турак жайды каржылоо боюнча алдыңкы эксперттер менен эки тараптуу жолугушуулар менен аяктады.

МИК ASMMA VIII отурумунун алкагында төмөнкү макулдашууларга жетишилди:

  • Cagamas (Малайзиянын Улуттук Ипотекалык Корпорациясы) менен кайтарымсыз негизде МИК кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууга көмөк көрсөтүү
  • PMRC (Пакистан Ипотекалык Компаниясы) менен AAOIFI (Ислам финансы институттары үчүн бухгалтердик эсеп жана аудит уюму) ылайык каржы механизмдерин иштеп чыгууда жана ишке ашырууда МИКке техникалык колдоо көрсөтүү
  • Монголиянын Ипотекалык Компаниясы менен жашыл каржылоо, ипотекалык кредиттерди секьюритизациялоо, ошондой эле эмиссиялык баалуу кагаздарды тышкы рынокто чыгаруу жана жайгаштыруу боюнча тажрыйба алмашуу жөнүндө.

АСММАнын VIII отурумунун жыйынтыгында Cagamas Малайзиянын Ипотекалык Корпорациясы менен КР МИКтин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу аземи болду.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда бензиндин баасын туруктуу кармоо үчүн 956 млн сом бөлүндү

Кыргызстанда бензиндин баасын туруктуу кармоо үчүн 956 млн сом бөлүндү

Кыргызстанда бензиндин чекене баасын туруктуу кармоо үчүн мунай ташуучу компанияларга 956 млн 139 миң сом мамлекеттик субсидия бөлүндү. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн ички рыногун күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо маселеси талкууланган жыйында билдирди. Маалыматка ылайык, субсидия күйүүчү-майлоочу материалдардын иш жүзүндөгү наркы менен чекене баасынын ортосундагы

Котур-Каманда 21,7 млн сомдук спорт залдын курулушу аяктап калды

Котур-Каманда 21,7 млн сомдук спорт залдын курулушу аяктап калды

Манас шаарына караштуу Т. Тайгараев аймактык башкармалыгынын Котур-Каман айылында заманбап спорт залдын курулушу дээрлик аяктап калды. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, долбоорго жергиликтүү казынадан 21 млн 792 миң сом бөлүнгөн. Учурда имаратта акыркы курулуш иштери жүрүп, керектүү жабдуулар менен камсыздалып жатат. Белгиленгендей, жаңы спорттук

Токтогулда төрт социалдык объект курулууда

Токтогулда төрт социалдык объект курулууда

Токтогул шаарында балдар реабилитациялык борбору жана оорукананын 100 орундуу кошумча имараты курулуп жатат. Объектилер пайдаланууга берилгенден кийин медициналык жана реабилитациялык кызматтардын жеткиликтүүлүгү кеңейет. Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Таласбай кичи районунда 750 орундуу жаңы мектеп да курулууда. Учурда курулуш иштеринин 75%ы аткарылды. Жаңы билим берүү мекемесинде окуучулар үчүн

Чүйдө шамалдан чатыры бузулган мектепке 2,2 млн сомдон ашык кенемте төлөндү

Чүйдө шамалдан чатыры бузулган мектепке 2,2 млн сомдон ашык кенемте төлөндү

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ново-Покровка айылында жайгашкан Жусуп Абдрахманов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин чатыры катуу шамалдан улам эки ирет жабыркаган. Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун маалыматына ылайык, жалпы чыгымдар каралып чыккан соң, мектепке 2 миллион 211 миң 220 сом өлчөмүндө камсыздандыруу каражаты бөлүндү. Белгиленгендей, аталган каражат мектептин чатырын