Монополияга каршы агенттик «Билайнга» жарнактык СМС билдирүүлөрү үчүн эскертүү берип, айып пул салды

Монополияга каршы агенттик «Билайнга» жарнактык СМС билдирүүлөрү үчүн эскертүү берип, айып пул салды

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигине жарандардан «Скай Мобайл» ЖЧК бир нече жолу абоненттерине жарнактык маалымат камтылган СМС билдирүүлөрдү жөнөтүп жаткандыгы тууралуу арыз түшкөн. Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматы билдирди.

Арыз менен таанышып чыгуунун жүрүшүндө арыз ээси абоненттик
номерине жарнактык маалыматы бар СМС билдирүүлөрдү алуудан баш тарткандыгы боюнча “Скай Мобайл” ЖКЧсына бир нече жолу кайрылганы белгилүү болгон.

Бирок анын кайрылууларынан кийин “Скай Мобайл» ЖКЧсы арыз ээсинин абоненттик номерине жарнамалык маалыматы бар СМС билдирүүлөрдү жөнөткөндү токтоткон эмес.

КРнын “Жарнама жөнүндө” Мыйзамынын 5-беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык, интернет, уюлдук телефондор жана факс аркылуу жарнаманы (спам) уруксатсыз таратууга тыйуу салынат.

Жарнамалык маалыматты изилдөөнүн жыйынтыгында, “Скай Мобайл” ЖКЧсына эскертүү берилип, айып пул салуу боюнча үч токтом чыгарылды”, – деп айтылат маалыматта.

Бирок агенттик аталган компанияга канча айып пул салгандыгы тууралуу маалымат берген жок.

Уюлдук номерлерге уруксаатсыз жарнак (спам) таркатылса, Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигине кайрылса болот.

Мындан тышкары окуңуз

20 млн сомдук бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

20 млн сомдук бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Ысык-Ата районунда мыйзамсыз менчиктештирилген  бала бакча мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.  Маалыматка ылайык, Ысык-Ата райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Ысык-Ата районунун Үч-Эмчек айылында жайгашкан бала бакчанын имараты жана ага тиешелүү болгон жер тилкеси 1992-жылы мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган. Көрүлгөн прокурордук чаралардын

Ысык-Атада быйыл 21,5 миң гектарга дан эгиндери айдалган

Ысык-Атада быйыл 21,5 миң гектарга дан эгиндери айдалган

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо өнөктүгү башталды. Райондук администрациянын маалыматына ылайык, Ысык-Ата райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Бек Жекшембаев жана район акими Алмазбек Рахманкулов Кочкорбаев айыл аймагында жүрүп жаткан оруп-жыйноо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Быйыл район боюнча жалпы 21 миң 575 гектар аянтка

Бишкектеги турак жайлар көрктөндүрүлүүдө

Бишкектеги турак жайлар көрктөндүрүлүүдө

Бишкек шаарынын мэриясы Шанхай кызматташтык уюмунун Саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүнүн алкагында турак жайларды жаңылоо жана көрктөндүрүү боюнча масштабдуу иштер улантылып жатат. Бишкек шаардык мэриянын маалыматына ылайык, Кыргызстандын колдонуудагы мыйзамдарына, техникалык регламенттерине жана бекитилген долбоордук чечимдерге шайкеш жүргүзүлүүдө. Ар бир объект боюнча алдын ала түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп,

Бишкектеги Семетей көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкектеги Семетей көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкек шаарында 29-июндан тарта Семетей көчөсү Садырбаев көчөсүнөн Чыңгыз Айтматов проспектисине чейинки бөлүгү кыймыл үчүн убактылуу жабылат. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, бул чектөөлөр курулуш жана оңдоп-түзөө иштеринин башталышына байланыштуу. Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарынанмүмкүнчүлүккө жараша айланып өтүүчү альтернативдик жолдорду колдонууну суранат. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча