Монополиялык жогорку бааны аныктоонун тартиби бекитилди

Монополиялык жогорку (төмөн) бааны аныктоонун тартиби бекитилди. Тиешелүү чечимди минкаб кабыл алды.

Минкабдын маалымат кызматы белгилегендей, аталган чечим “Атаандаштык жөнүндө” КРнын Мыйзамынын 41 жана 42-беренелерин ишке ашыруу максатында кабыл алынган. 

“Товардык рынокто үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан товарга монополиялык жогорку (төмөн) баа коюлгандыгы аныкталган учурда монополияга каршы орган тарабынан Монополиялык жогорку (төмөн) бааны аныктоонун тартиби колдонулат”, -деп айтылат маалыматта.

Монополиялык жогорку (төмөн) бааны аныктоо тартибин кабыл алуу менен үстөмдүк кылуучу ишканалардын кыянатчылыктарын кароодо белгисиздик жана укуктук вакуум жоюлат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токтогул шаары 5,3 млн сомго таштанды ташуучу унаа сатып алды

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды