Акылбек Жапаров: Баткендеги жабыркаган инфраструктуралар боюнча комиссияны мен жетектейм, менин көзөмөлүмдө

Акылбек Жапаров: Баткендеги жабыркаган инфраструктуралар боюнча комиссияны мен жетектейм, менин көзөмөлүмдө

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусунун Лейлек районунун Максат, Борбордук жана Арка айылдарына барды. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин башчысы чек арага жакын жайгашкан айылдардын тургундары менен жолугушуп, талкаланган үйлөрдү, социалдык объектилерди жана башка инфраструктураларды калыбына келтирүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берген.

Ал жабыркаган социалдык объектилерди көрүп чыккан.

«Биз Тажикстан менен чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин чечүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшап жатабыз. Жабыркаган бардык турак жайлар жана социалдык объектилер калыбына келтирилет. Облустагы жабыркаган инфраструктураны калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик комиссия түзүлдү, аны мен жетектөөдөмүн. Бардык калыбына келтирүү иштери менин көзөмөлүмдө турат», – деди ал.

Тургундардын суроолоруна жооп берип жатып, Жапаров алар тарабынан кредиттер, социалдык жөлөкпулдар, мамлекеттик финансы институттары тарабынан ишкерлерди колдоого алуу, ирригациялык тармактарды өнүктүрүү, эвакуациялоо жолдорун аныктоо боюнча көтөрүлгөн маселелер чечилерин билдирди.

Мындан тышкары, аскер кызматкерлеринин эмгек акысы көтөрүлүп, ал эми Баткен жана Лейлек райондорунда кызмат өтөп жаткан аскер кызматкерлеринин маянасы андан дагы жогору болоорун белгиледи.


Белгилей кетсек, куралдуу баскынчылык актысынын натыйжасында 640 турак жай (430 үй жашоого жараксыз, 210 үй оңдоону талап кылат), 11 административдик-стратегиялык объекти, 18 социалдык объекти (8 мектеп, 7 бала бакча, 3 фельдшердик-акушердик пункт), 336 көмөкчү имараттар, 197 чарба объектиси, 1 унаа өтүүчү көпүрө, 55 автомашина жабыркаган. Калыбына келтирүү иштерине куткаруучулар, волонтерлор, атайын техникалар тартылган.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө шамалдан чатыры бузулган мектепке 2,2 млн сомдон ашык кенемте төлөндү

Чүйдө шамалдан чатыры бузулган мектепке 2,2 млн сомдон ашык кенемте төлөндү

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ново-Покровка айылында жайгашкан Жусуп Абдрахманов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин чатыры катуу шамалдан улам эки ирет жабыркаган. Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун маалыматына ылайык, жалпы чыгымдар каралып чыккан соң, мектепке 2 миллион 211 миң 220 сом өлчөмүндө камсыздандыруу каражаты бөлүндү. Белгиленгендей, аталган каражат мектептин чатырын

Айтматов проспектисиндеги 14 светофор жаңыланды

Айтматов проспектисиндеги 14 светофор жаңыланды

Бишкекте Чыңгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан 14 светофордук объект жаңыланып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди. Маалыматка ылайык, жаңылоо иштерин мэриянын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти жүргүзгөн. Светофорлор заманбап талаптарга ылайыкташтырылды. Жүргүзүлгөн иштер жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга, транспорт агымын натыйжалуу жөнгө салууга жана айдоочулар менен жөө жүргүнчүлөр

Бишкектеги “Унаа” ишканасынын айрым бөлүмдөрү эки күн иштебейт

Бишкектеги “Унаа” ишканасынын айрым бөлүмдөрү эки күн иштебейт

Бишкектеги “Унаа” мамлекеттик ишканасынын айрым бөлүмдөрү 31-августта жана 1-сентябрда иштебейт. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди. 31-августта Эгемендүүлүк күнүнө байланыштуу “Унаанын” өлкө боюнча бардык бөлүмдөрү жабык болот. 1-сентябрда аймактык бөлүмдөр өз ишин улантат. Бирок ШКУ саммитине байланыштуу Бишкектеги Аламүдүн, “Биримдик”, Чыгыш жана “Аю Гранд” соода борборундагы

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ош шаарындагы Жетимишов көчөсүндө жайгашкан Барпы Алыкулов атындагы мектептин айланасы иретке келтирилип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекемеге кирип-чыгууга тоскоолдук жараткан унаа жуучу жана башка мыйзамсыз жайгашкан жайлар алып салынууда. Белгиленгендей, мектептин айланасын иретке келтирүү иштери окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт