Үч азык КРнын аймактарынын расмий бренди болот - бал, топоз эти жана балык

Үч азык КРнын аймактарынын расмий бренди болот - бал, топоз эти жана балык

Нарын облусунун ак балы, Ысык-Көлдүн топозунун эти жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы форель чарбаларынын балыгы аталган аймактардын расмий брендине айланат.

Бул тууралуу БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, географиялык көрсөткүч – белгилүү бир географиялык аймактан келип чыккан жана чыгарылган жери боюнча кандайдыр бир касиетке же репутацияга ээ болгон товарлардагы белги.

«Географиялык көрсөткүчкө сертификат алган учурда долбоордун алкагында тандалып алынган продукция өз аймагынын расмий бренддеринин бирине айланат. Уникалдуу рецепти бар өндүрүүчү өз продукциясын активдүү жарнамалай алат, ал эми керектөөчү продукциянын анык табигыйлыгына жана сапатына ишене алат», – деп билдирди ФАО.

ФАО тарабынан колдоого алынган Географиялык көрсөткүчтөр долбоорунун алкагында үч продукт тандалып алынган:

  • Нарын облусунун ак балы
  • Ысык-Көлдө өстүрүлгөн топоздун эти
  • Жалал-Абад областынын Токтогул районундагы форель чарбаларынын балыктары.

Бул продукцияны өндүрүүчүлөр ФАОнун техникалык адистеринен консультациялык колдоо жана маркетинг стратегиясын жакшыртуу боюнча сунуштарды алышат.

«Белгилүү бир географиялык аймактан чыккан продукцияларды белгилөө демилгеси өтө маанилүү: жергиликтүү тургундарга сапаты келип чыккан жер менен байланышкан продукциянын потенциалын ишке ашырууга, бул жаатта биргелешкен иш-чараларды уюштурууга жардам берет. Тиешелүү нормаларды иштеп чыгуунун, экономикалык, социалдык-маданий жана экологиялык туруктуулукту чыңдоо үчүн географиялык көрсөткүчтөр системасын колдонууну түшүнүү маанилүү», – деди аталган уюмдун өкүлүнүн орун басары Динара Рахманова.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө шамалдан чатыры бузулган мектепке 2,2 млн сомдон ашык кенемте төлөндү

Чүйдө шамалдан чатыры бузулган мектепке 2,2 млн сомдон ашык кенемте төлөндү

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ново-Покровка айылында жайгашкан Жусуп Абдрахманов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин чатыры катуу шамалдан улам эки ирет жабыркаган. Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун маалыматына ылайык, жалпы чыгымдар каралып чыккан соң, мектепке 2 миллион 211 миң 220 сом өлчөмүндө камсыздандыруу каражаты бөлүндү. Белгиленгендей, аталган каражат мектептин чатырын

Айтматов проспектисиндеги 14 светофор жаңыланды

Айтматов проспектисиндеги 14 светофор жаңыланды

Бишкекте Чыңгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан 14 светофордук объект жаңыланып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди. Маалыматка ылайык, жаңылоо иштерин мэриянын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти жүргүзгөн. Светофорлор заманбап талаптарга ылайыкташтырылды. Жүргүзүлгөн иштер жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга, транспорт агымын натыйжалуу жөнгө салууга жана айдоочулар менен жөө жүргүнчүлөр

Бишкектеги “Унаа” ишканасынын айрым бөлүмдөрү эки күн иштебейт

Бишкектеги “Унаа” ишканасынын айрым бөлүмдөрү эки күн иштебейт

Бишкектеги “Унаа” мамлекеттик ишканасынын айрым бөлүмдөрү 31-августта жана 1-сентябрда иштебейт. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди. 31-августта Эгемендүүлүк күнүнө байланыштуу “Унаанын” өлкө боюнча бардык бөлүмдөрү жабык болот. 1-сентябрда аймактык бөлүмдөр өз ишин улантат. Бирок ШКУ саммитине байланыштуу Бишкектеги Аламүдүн, “Биримдик”, Чыгыш жана “Аю Гранд” соода борборундагы

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ош шаарындагы Жетимишов көчөсүндө жайгашкан Барпы Алыкулов атындагы мектептин айланасы иретке келтирилип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекемеге кирип-чыгууга тоскоолдук жараткан унаа жуучу жана башка мыйзамсыз жайгашкан жайлар алып салынууда. Белгиленгендей, мектептин айланасын иретке келтирүү иштери окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт