Ала-Букада айыл чарба продукциясын экспорттоо боюнча жаңы логистикалык борбор ачылды

Ала-Букада айыл чарба продукциясын экспорттоо боюнча жаңы логистикалык борбор ачылды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда айыл чарба продукциясын экспорттоочулар үчүн жаңы логистикалык борбор ишке кирди. Бул тууралуу USAIDдин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди.

Бул борбор USAID Агросоода долбоорунун алкагында «Бай Дыйкан Ала-Бука» айыл чарба кооперативи менен биргеликте ачылды. USAID борборго муздаткыч комплекти, тамак-аш сактоочу кутуларды жана бак-дарактарга себилүүчү каражат берди.

Долбоор ошондой эле кооператив мүчөлөрүнө жемиш дарактарды багуу ыкмаларынын түрлөрүн үйрөттү. Натыйжада кооператив бак-дарактарды багуу боюнча кызмат жана 120 тонналык муздак сактоочу жайды сунуш кыла баштады.

Жаңы логистикалык борбор жергиликтүү фермерлерге жана соодагерлерге продукциянын сактоо мөөнөтүн узартуу менен кирешелерин көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Бул аймакта негизинен алма жана кара өрүк өстүрүлүп, сакталып, андан ары (чийки жана кургатылган түрдө) Өзбекстанга экспорттолот.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген

Ишкер Media
Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media