Президент дагы үч министрди - маданият, билим берүү жана транспорт министрлерин кызматтан алды

Президент дагы үч министрди - маданият, билим берүү жана транспорт министрлерин кызматтан алды

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен маданият министри Азамат Жаманкулов, билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев, транспорт министри Эркинбек Осоев ээлеген кызматтарынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Азамат Жаманкулов менен Эркинбек Осоев өз арыздарына ылайык ээлеген кызматтарынан бошотулган.

Ошондой эле бүгүн Садыр Жапаров билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев менен энергетика министри Доскул Бекмурзаевди да кызматтан алган.

Мындан тышкары окуңуз

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Кыргызстанга келди

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Кыргызстанга келди

Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Өкмөт башчысын Ысык-Көл эл аралык аэропортунан Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков тосуп алды. Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны 6-7-август күндөрү Ысык-

Кыргызстан менен Орусия аймактар аралык кызматташууну чыңдоону көздөйт

Кыргызстан менен Орусия аймактар аралык кызматташууну чыңдоону көздөйт

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында Орусиянын аймактарынын жетекчилерин кабыл алды. Бул тууралуу президенттин админстрациясынан билдиришти. Жолугушууда тараптар аймактар аралык байланыштарды чыңдоо, соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда өтүп жаткан Кыргыз-Россия VIII экономикалык форуму жана Кыргыз-Россия XII аймактар

Өлкө боюнча электр тармактарын жаңылоого заманбап зымдар колдонулат

Өлкө боюнча электр тармактарын жаңылоого заманбап зымдар колдонулат

Кыргызстандын энергетикалык инфратүзүмдү жаңылоо үчүн өлкөгө 0,4 кВ чыңалуудагы өзүн өзү көтөрүүчү изоляцияланган зымдар (СИП-2) алып келинди. Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чара "Электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү" долбоорунун алкагында ишке ашты. Жалпы узундугу 100 миң метр болгон СИП-2 зымдарынын кесилиши 3×70+

Беларустун премьер-министри Александр Турчин Кыргызстанга келди

Беларустун премьер-министри Александр Турчин Кыргызстанга келди

Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Өкмөт башчысын Ысык-Көл эл аралык аэропортунан Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков тосуп алды. Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны 6-7-август күндөрү Ысык-