Жыл башынан бери «Кепилдик фонд» 904 млн сомго кепилдик берген

Жыл башынан бери «Кепилдик фонд» 904 млн сомго кепилдик берген

2022-жылдын башынан бери “Кепилдик фонд” ААК бизнеске 904 млн сомдон ашык суммага 372 кепилдик берди. Өнөктөш банктар кепилдик менен дээрлик 3.5 млрд сомго насыя беришти. Бул тууралуу фонддун басма сөз кызматы билдирди.

Басма сөз кызматы белгилегендей, кепилдиктердин 50%дан ашыгы айыл чарбаны өнүктүрүүгө (46%) жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө (5%) берилген. Кепилдиктердин жалпы санынын 84%га жакыны өлкөнүн аймактарында ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган.

«Колдоого алынган тармактарга айыл чарбасы, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, экспортко багытталган жана импорттун ордун толтуруучу тармактар, соода, курулуш, транспорт жана ар кандай кызматтарды көрсөтүү кирет», – деп баса белгиледи фонд.

Эске салсак, 2016-жылдан бери “Кепилдик фонд күрөө жагынан кыйналган ата мекендик ишкерлерге 2.7 миңден ашык кепилдик берген. Кепилдиктердин суммасы 4.3 млрд сомдон ашкан, өнөктөш банктар тарабынан ишкерлерге 15 млрд сомдон ашык насыя берилген.

Мындан тышкары окуңуз

Чоң-Өрүктүдө экологиялык талапты бузган жаранга айып пул салынды

Чоң-Өрүктүдө экологиялык талапты бузган жаранга айып пул салынды

Интернет булактарында жарыяланган видеонун негизинде Ысык-Көл облусунун Чоң-Өрүктү айылында таштанды калдыктарын белгиленбеген жерге төгүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын тескөөчүлөрү жүргүзгөн текшерүүдө экологиялык талаптарды бузган жаран аныкталган. Жыйынтыгында "Укук

А. Касымалиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйынына катышты

А. Касымалиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйынына катышты

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) тар курамдагы жыйынына катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйындын алдында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларын расмий тосуп алуу аземи жана биргелешкен сүрөткө түшүү иш-чарасы өттү. Андан соң өкмөт башчылары экономикалык интеграцияны тереңдетүү, соодадагы тоскоолдуктарды жоюу жана

Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин Кыргызстанга келди

Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин Кыргызстанга келди

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Аны Ысык-Көл эл аралык аэропортунан Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков тосуп алды. Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны 6-7-август күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтөт. Жыйынга Евразия

Кыргыз-орус агроөнөр жай кызматташтыгынын келечеги талкууланды

Кыргыз-орус агроөнөр жай кызматташтыгынын келечеги талкууланды

Бүгүн VIII Кыргыз-Россия экономикалык форумунун жана XII Кыргыз-Россия аймактар аралык конференциясынын алкагында "Айыл чарба тармагындагы кыргыз-орус кызматташтыгынын келечеги" аттуу панелдик сессия өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Иш-чарада Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары