Баткен жана Ош облустарынын администрациялык-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүүгө 3 млрд сом каралат

Баткен жана Ош облустарынын администрациялык-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүүгө 3 млрд сом каралат

Финансы министрлиги Баткен жана Ош облустарынын администрациялык-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү үчүн “Капиталдык салымдар” беренесинин 2022-жылга республикалык бюджеттин чыгашаларын кайра бөлүштүрүүнүн эсебинен 3 млрд сом суммасында көбөйтүүнү карады.

Министрликтин маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, каражаттар Баткен жана Ош облустарындагы куралдуу кагылыштардын натыйжасында бузулган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын чечимине ылайык түзүлгөн мамлекеттик органдардын арыздары боюнча бөлүнөт.

“Аталган сумма аскердик жана жарандык инфраструктураны оңдоого, калыбына келтирүүгө, курууга, анын ичинде социалдык объектилерди, ирригациялык объектилерди курууга жана капиталдык оңдоого, калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоого, турак-жай курууга, ошондой эле КРнын аймагындагы жолдорду реконструкциялоого багытталат”, – дейт министрлик.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги “Унаа” ишканасынын айрым бөлүмдөрү эки күн иштебейт

Бишкектеги “Унаа” ишканасынын айрым бөлүмдөрү эки күн иштебейт

Бишкектеги “Унаа” мамлекеттик ишканасынын айрым бөлүмдөрү 31-августта жана 1-сентябрда иштебейт. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди. 31-августта Эгемендүүлүк күнүнө байланыштуу “Унаанын” өлкө боюнча бардык бөлүмдөрү жабык болот. 1-сентябрда аймактык бөлүмдөр өз ишин улантат. Бирок ШКУ саммитине байланыштуу Бишкектеги Аламүдүн, “Биримдик”, Чыгыш жана “Аю Гранд” соода борборундагы

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ош шаарындагы Жетимишов көчөсүндө жайгашкан Барпы Алыкулов атындагы мектептин айланасы иретке келтирилип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекемеге кирип-чыгууга тоскоолдук жараткан унаа жуучу жана башка мыйзамсыз жайгашкан жайлар алып салынууда. Белгиленгендей, мектептин айланасын иретке келтирүү иштери окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кел-Суу көлүнө алып баруучу жолдо оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Учурда туристтик сезонго байланыштуу Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун үстүн сүрүп-тегиздөө иштери күчөтүлдү. Кел-Суу көлүнө туристтер көп баргандыктан, сезондо бул багытта унаалардын агымы көбөйөт. Буга байланыштуу

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

24-августта Жайыл районунда улуттар аралык, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара район акими Имамназар Буркановдун демилгеси менен уюштурулуп, ага район акимдигинин өкүлдөрү, Жайыл РИИБдин башчысы М.Калманбетов, этникалык маселелер боюнча