Бишкектин Тазалоо курулмалары масштабдуу реконструкцияга муктаж - мэрия

Бишкектин Тазалоо курулмалары масштабдуу реконструкцияга муктаж - мэрия

Бишкек шаарынын Аэрация станциясы (тазалоо курулмалары) өткөн кылымдын 70-жылдары курулган. Тазалоо курулмалары өзүнүн иштеген жылдары ичинде физикалык жана техникалык жактан эскирди. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди.

Муниципалитеттин билдиргенине караганда, өткөрмө түтүктөр, темир конструкциялар жана курулмалар  агынды суулардын агрессивдүү чөйрөлөрү менен жандашып, катуу дат басууларга учураган. Аэрация станциясы жаңы технологияларды колдонуу менен масштабдуу реконструкциялоого жана модернизациялоого муктаж болууда.

“Аэрация станциясында 240 киши иштейт. Күнү-түнү, белгилүү коркунучтарга, аябай кир жана катуу иштерге байланышкан спецификалык иш режиминде иштешет. Эмгек акынын төмөндүгүнүн айынан жогорку квалификациялуу кадрлардын иштен бошонуп кеткендеринин агымы көп болуп жатат.

Бүгүнкү күнү сууну бөлүштүрүүнүн кызмат көрсөтүүлөрүнө болгон тарифтик саясат ченем боюнча агындыларды тазалоо үчүн зарыл болгон чыгымдарына дал келбейт. Калк үчүн агынды төлөмү – 2.3 сомду, бюджетттик уюмдар үчүн – 3 сомду, башка керектөөчүлөр үчүн – 6 сомду түзөт.

Мындан сырткары, аэрация станциясынын иш процесси түздөн-түз электр энергиясы менен байланыштуу. 2021-жылдан баштап электр энергияга тариф 40%га көтөрүлгөн.  Ошондой эле бул тарифтик саясат инфляциянын өсүү темпи менен жыл сайын көтөрүлө берет. Ушуну менен бирге шаардык бюджеттен финансылык каражаттар бөлүнбөйт”, – дейт мэрия.

Жабдыктар жана курулмалардын иштөөсүнүн эксплуатациялык мөөнөтү мурда эле бүткөндүгүнө карабастан, ишкана штаттык режимде иштеп жатат. Мэрия эгерде тазалоо курулмаларына реконструкциялоо жана модернизациялоо жүргүзүлбөсө, анда ишканада өзгөчө кырдаалдар келип чыгышы мүмкүн экендигин, ал эми ишкананын иштеп тапкан акчалары күнүмдүк гана оңдоолорго кетип жатканын айтат.


МААЛЫМАТ:

Тазалоо курулмалары Пригородное айылында жайгашкан жана Бишкек шаарын гана эмес, ошондой эле Чүй облусун да аз-аздап тейлейт.

Аэрация станциясынын аянты 51га түзөт. Анын аймагында агынды сууларды тазалай турган техникалык курулмалар жайгашкан. Ишкананын долбоордук кубаттуулугу суткасына 380.0 миң м3 түзөт, иш жүзүндө аэрация станциясына орто эсеп менен суткасына 220.0-230.0 миң м3 таза эмес агындылар келип түшөт.

Тазалоо курулмаларындагы өндүрүш өтө татаал. Агынды суулар үч этапта тазаланат. Биринчи этап – механикалык тазалоо, экинчи этап – биологиялык тазалоо, үчүнчү этап – хлор менен зыянсыздандыруу.

Мындан тышкары окуңуз

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Кыргызстанга келди

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Кыргызстанга келди

Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Өкмөт башчысын Ысык-Көл эл аралык аэропортунан Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков тосуп алды. Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны 6-7-август күндөрү Ысык-

Кыргызстан менен Орусия аймактар аралык кызматташууну чыңдоону көздөйт

Кыргызстан менен Орусия аймактар аралык кызматташууну чыңдоону көздөйт

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында Орусиянын аймактарынын жетекчилерин кабыл алды. Бул тууралуу президенттин админстрациясынан билдиришти. Жолугушууда тараптар аймактар аралык байланыштарды чыңдоо, соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда өтүп жаткан Кыргыз-Россия VIII экономикалык форуму жана Кыргыз-Россия XII аймактар

Өлкө боюнча электр тармактарын жаңылоого заманбап зымдар колдонулат

Өлкө боюнча электр тармактарын жаңылоого заманбап зымдар колдонулат

Кыргызстандын энергетикалык инфратүзүмдү жаңылоо үчүн өлкөгө 0,4 кВ чыңалуудагы өзүн өзү көтөрүүчү изоляцияланган зымдар (СИП-2) алып келинди. Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чара "Электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү" долбоорунун алкагында ишке ашты. Жалпы узундугу 100 миң метр болгон СИП-2 зымдарынын кесилиши 3×70+

Беларустун премьер-министри Александр Турчин Кыргызстанга келди

Беларустун премьер-министри Александр Турчин Кыргызстанга келди

Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Өкмөт башчысын Ысык-Көл эл аралык аэропортунан Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков тосуп алды. Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны 6-7-август күндөрү Ысык-