Быйыл энергетика тармагын өнүктүрүүгө 12 млрд сом бөлүндү - бирок КР кышка карата коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын импорттойт

Быйыл энергетика тармагын өнүктүрүүгө 12 млрд сом бөлүндү - бирок КР кышка карата коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын импорттойт

Үстүбүздөгү жылы энергетика тармагын өнүктүрүүгө рекорддук 12 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров экономика тармактары менен калкты 2022-2023-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча кеңешмеде айтты.

Жыйындын жүрүшүндө Жапаров Энергетика министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына министрдин милдетин аткаруучу Таалайбек Ибраевди тааныштырып, министрликтин алдында бир катар маанилүү милдеттер турганын белгиледи.

 “Үстүбүздөгү жылы энергетика тармагын өнүктүрүүгө рекорддук 12 млрд сом бөлүндү, башталган реформалар аягына чыгышы керек, бөлүштүрүүчү компаниялардын ишин карап чыгуу керек. Сандарды карасак, эбегейсиз өлчөмдөгү киловатт электр энергиясы кайда кетип жатканы азыркыга чейин белгисиз. Секирик жасаш керек, бул үчүн сизде да бардык мүмкүнчүлүктөр бар”, – деди ал.


Эскерте кетсек, “Улуттук энергохолдинг” Кыргызстан күз-кыш мезгилинен өтүү үчүн коңшу республикалардан электр энергиясын импорттоого Казакстан (450 млн кВтс көлөмдө), Түркмөнстан (1 002 млн кВтс көлөмдө) жана Өзбекстан менен (1300 млн кВтс көлөмүндө) келишим түзгөнүн жана азыркы учурда импорттолуп жатканын билдирген болчу.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги “Унаа” ишканасынын айрым бөлүмдөрү эки күн иштебейт

Бишкектеги “Унаа” ишканасынын айрым бөлүмдөрү эки күн иштебейт

Бишкектеги “Унаа” мамлекеттик ишканасынын айрым бөлүмдөрү 31-августта жана 1-сентябрда иштебейт. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди. 31-августта Эгемендүүлүк күнүнө байланыштуу “Унаанын” өлкө боюнча бардык бөлүмдөрү жабык болот. 1-сентябрда аймактык бөлүмдөр өз ишин улантат. Бирок ШКУ саммитине байланыштуу Бишкектеги Аламүдүн, “Биримдик”, Чыгыш жана “Аю Гранд” соода борборундагы

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ош шаарындагы Жетимишов көчөсүндө жайгашкан Барпы Алыкулов атындагы мектептин айланасы иретке келтирилип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекемеге кирип-чыгууга тоскоолдук жараткан унаа жуучу жана башка мыйзамсыз жайгашкан жайлар алып салынууда. Белгиленгендей, мектептин айланасын иретке келтирүү иштери окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кел-Суу көлүнө алып баруучу жолдо оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Учурда туристтик сезонго байланыштуу Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун үстүн сүрүп-тегиздөө иштери күчөтүлдү. Кел-Суу көлүнө туристтер көп баргандыктан, сезондо бул багытта унаалардын агымы көбөйөт. Буга байланыштуу

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

24-августта Жайыл районунда улуттар аралык, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара район акими Имамназар Буркановдун демилгеси менен уюштурулуп, ага район акимдигинин өкүлдөрү, Жайыл РИИБдин башчысы М.Калманбетов, этникалык маселелер боюнча