МСК тогуз айда 148 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады

МСК тогуз айда 148 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады

Салык кызматы 9 айда 148 млрд сомдон ашык салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады. Бул тууралуу МСКнын маалымат кыматы билдирди.

2022-жылдын январь-сентябрь айларында Мамлекеттик салык кызматы 148 млрд 125 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады, бул өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 44.3 млрд сомго көп.

Анын ичинде 111 млрд 755.4 млн сом салык жана төлөмдөр чогултулду. Белгиленген план 236.8 млн сомго ашыгы менен аткарылды.

Камсыздардыруу төгүмдөрү боюнча чогултулган сумма 36 млрд 369.6 млн сомду түздү. 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8 млрд 443.4 млн сомго көп жыйналды (өсүү ыргагы 130.2%).


Буга чейин Economist.kg кабарлагандай, Мамлекеттик салык кызматына 2022-жылы 155.6 млрд сом салыктарды жана 41.7 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу боюнча тапшырма коюлган.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги “Унаа” ишканасынын айрым бөлүмдөрү эки күн иштебейт

Бишкектеги “Унаа” ишканасынын айрым бөлүмдөрү эки күн иштебейт

Бишкектеги “Унаа” мамлекеттик ишканасынын айрым бөлүмдөрү 31-августта жана 1-сентябрда иштебейт. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди. 31-августта Эгемендүүлүк күнүнө байланыштуу “Унаанын” өлкө боюнча бардык бөлүмдөрү жабык болот. 1-сентябрда аймактык бөлүмдөр өз ишин улантат. Бирок ШКУ саммитине байланыштуу Бишкектеги Аламүдүн, “Биримдик”, Чыгыш жана “Аю Гранд” соода борборундагы

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ош шаарындагы Жетимишов көчөсүндө жайгашкан Барпы Алыкулов атындагы мектептин айланасы иретке келтирилип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекемеге кирип-чыгууга тоскоолдук жараткан унаа жуучу жана башка мыйзамсыз жайгашкан жайлар алып салынууда. Белгиленгендей, мектептин айланасын иретке келтирүү иштери окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кел-Суу көлүнө алып баруучу жолдо оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Учурда туристтик сезонго байланыштуу Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун үстүн сүрүп-тегиздөө иштери күчөтүлдү. Кел-Суу көлүнө туристтер көп баргандыктан, сезондо бул багытта унаалардын агымы көбөйөт. Буга байланыштуу

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

24-августта Жайыл районунда улуттар аралык, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара район акими Имамназар Буркановдун демилгеси менен уюштурулуп, ага район акимдигинин өкүлдөрү, Жайыл РИИБдин башчысы М.Калманбетов, этникалык маселелер боюнча