Президент «Кемпир-Абад» суу сактагычы боюнча Өзгөндө эл менен жолугушууда - активисттердин телефондору өчүртүлүп жатканы айтылууда

Президент «Кемпир-Абад» суу сактагычы боюнча Өзгөндө эл менен жолугушууда - активисттердин телефондору өчүртүлүп жатканы айтылууда

Президент Садыр Жапаров “Кемпир-Абад” суу сактагычы боюнча Өзгөн шаарында жергиликтүү эл менен жолугушуу өткөрүүдө. Жолугушуу жабык өтүп, ага кирген активисттердин телефондору өчүртүлүп жатканы айтылууда. Бул тууралуу “Бибиси” билдирди. 

Аталган портал Өзгөнгө президент менен жолугушууга келген эл көп болгондуктан көбү акимиаттагы жыйындар залына батпай, сыртта калышканын, андыктан чогулгандар президенттие сыртка чыгуусун талап кылып жатышканын айтат.

Өзгөн шаарында өтүп жаткан жыйынга Жогорку Кеңештеги ар бир фракцияларынан экиден депутат да катышып жатат. Парламенттеги оппозициялык фракция, “Кемпир-Абад” боюнча бийликти сындап келген “Бүтүн Кыргызстандан” Адахан Мадумаров менен Исхак Масалиев дагы Өзгөндөгү эл менен жолугушууга келген.  

“Кемпир-Абад маселеси боюнча депутаттар менен жолугушуу уюуштурулат деген. Бирок ушундай чоң маселе боюнча жыйынды Өзгөн акимиатынын кичинекей залына уюуштуруптур. Бул жерде батптаган эл канча? Жыйынды стадиондо уюуштурушса болмок экен деп наараазы болуп атышат. Алардын үнүн угайын деген эч ким жок. Жыйынга кире албай канчасы турат. Чөнтөк телефондорун алып калып, жыйынга киргизип жатышат”, – деди учурда жеринде жүргөн активист Бек Үмүралиев.

Эскерте кетсек, 29-сентябрда Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын алдына ондогон адам чогулуп, Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылышкан.

Алар Ташиев менен Өзбекстандын премьер-министри тарабынан кол коюлган 36-протокол боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кылышкан. Анткени буга чейин социалдык түйүндөрдө аталган суу сактагыч Өзбекстанга өтөт экен деген кептер тараган.

Белгилей кетсек, Жапаровдун Өзгөн жергесине болгон иш сапары тууралуу президенттин маалымат кызматы эч кандай маалымат бере элек.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги “Унаа” ишканасынын айрым бөлүмдөрү эки күн иштебейт

Бишкектеги “Унаа” ишканасынын айрым бөлүмдөрү эки күн иштебейт

Бишкектеги “Унаа” мамлекеттик ишканасынын айрым бөлүмдөрү 31-августта жана 1-сентябрда иштебейт. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди. 31-августта Эгемендүүлүк күнүнө байланыштуу “Унаанын” өлкө боюнча бардык бөлүмдөрү жабык болот. 1-сентябрда аймактык бөлүмдөр өз ишин улантат. Бирок ШКУ саммитине байланыштуу Бишкектеги Аламүдүн, “Биримдик”, Чыгыш жана “Аю Гранд” соода борборундагы

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ош шаарындагы Жетимишов көчөсүндө жайгашкан Барпы Алыкулов атындагы мектептин айланасы иретке келтирилип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекемеге кирип-чыгууга тоскоолдук жараткан унаа жуучу жана башка мыйзамсыз жайгашкан жайлар алып салынууда. Белгиленгендей, мектептин айланасын иретке келтирүү иштери окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кел-Суу көлүнө алып баруучу жолдо оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Учурда туристтик сезонго байланыштуу Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун үстүн сүрүп-тегиздөө иштери күчөтүлдү. Кел-Суу көлүнө туристтер көп баргандыктан, сезондо бул багытта унаалардын агымы көбөйөт. Буга байланыштуу

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

24-августта Жайыл районунда улуттар аралык, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара район акими Имамназар Буркановдун демилгеси менен уюштурулуп, ага район акимдигинин өкүлдөрү, Жайыл РИИБдин башчысы М.Калманбетов, этникалык маселелер боюнча