Садыр Жапаров Өзгөндө жабык түрдө эл менен жолугушууда - президенттин кабарчысы

Садыр Жапаров Өзгөндө жабык түрдө эл менен жолугушууда - президенттин кабарчысы

Президент Садыр Жапаров Өзгөндө эл менен жолугушуп, чек ара боюнча маалымат берип, суроолорго жооп берип жатат. Жолугушуу жабык түрдө өтүп, эл райондук администрациянын жыйындар залына кирди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын өкүлү Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын айтымында, сыртта батпай калган элди экинчи этап менен киргизишип, суроолорго жооп берилет.

“Ал эми “киргизбей койду” деп таратылып жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт, бүгүн кечке чейин келгендер кирип маалымат алышат. Жолугушуудан чыккандардын айрымдары, кайра эле “кирбей калдык” деп социалдык байланыш тармагында түз эфирге чыгып жатканын белгилейбиз”, – дейт ал.

Орунбеков президент менен бирге микабдын төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Жогорку Кеңештин депутаттары катышып жатканын жана эч кандай пикирлерге чектөө болбогонун, ошондой эле депутат Адахан Мадумаров жана анын тарапташтарына чейин сөз берилгенин билдирди.

Президент Садыр Жапаров “Кемпир-Абад” суу сактагычы боюнча Өзгөн шаарында жергиликтүү эл менен жолугушуу өткөрүүдө. 


Эскерте кетсек, 29-сентябрда Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын алдына ондогон адам чогулуп, Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылышкан.

Алар Ташиев менен Өзбекстандын премьер-министри тарабынан кол коюлган 36-протокол боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кылышкан. Анткени буга чейин социалдык түйүндөрдө аталган суу сактагыч Өзбекстанга өтөт экен деген кептер тараган.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги “Унаа” ишканасынын айрым бөлүмдөрү эки күн иштебейт

Бишкектеги “Унаа” ишканасынын айрым бөлүмдөрү эки күн иштебейт

Бишкектеги “Унаа” мамлекеттик ишканасынын айрым бөлүмдөрү 31-августта жана 1-сентябрда иштебейт. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди. 31-августта Эгемендүүлүк күнүнө байланыштуу “Унаанын” өлкө боюнча бардык бөлүмдөрү жабык болот. 1-сентябрда аймактык бөлүмдөр өз ишин улантат. Бирок ШКУ саммитине байланыштуу Бишкектеги Аламүдүн, “Биримдик”, Чыгыш жана “Аю Гранд” соода борборундагы

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ош шаарындагы Жетимишов көчөсүндө жайгашкан Барпы Алыкулов атындагы мектептин айланасы иретке келтирилип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекемеге кирип-чыгууга тоскоолдук жараткан унаа жуучу жана башка мыйзамсыз жайгашкан жайлар алып салынууда. Белгиленгендей, мектептин айланасын иретке келтирүү иштери окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кел-Суу көлүнө алып баруучу жолдо оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Учурда туристтик сезонго байланыштуу Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун үстүн сүрүп-тегиздөө иштери күчөтүлдү. Кел-Суу көлүнө туристтер көп баргандыктан, сезондо бул багытта унаалардын агымы көбөйөт. Буга байланыштуу

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

24-августта Жайыл районунда улуттар аралык, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара район акими Имамназар Буркановдун демилгеси менен уюштурулуп, ага район акимдигинин өкүлдөрү, Жайыл РИИБдин башчысы М.Калманбетов, этникалык маселелер боюнча