Салык кызматы: салык төлөбөй батир ижарага бергендер тууралуу фактыларды билдириңиз

Салык кызматы: салык төлөбөй батир ижарага бергендер тууралуу фактыларды билдириңиз

Батирди же үйдү ижарага берген жеке жактар КРнын салык мыйзамдарына ылайык, салык төлөөгө тийиш экендигин Мамлекеттик салык кызматы маалымдайт.

Кыймылсыз мүлк ээси салык төлөө режимин өз алдынча тандайт. Салыктарды патенттин, бирдиктүү салыктын (салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы) же жалпы салык режиминин негизинде төлөөгө болот.

Ушуга байланыштуу МСК мүлктү ижарага берген жарандарды өздөрүнүн салык милдеттенмелерин аткарууга жана тиешелүү салыктарды төлөөгө чакырат.

“Ошондой эле бардык жарандарды салыкты төлөбөй турак жайды ижарага бергендер тууралуу фактыларды билдирүүнү чакырабыз. (0312)613189, (0779)613189 (Whatsapp) ишеним телефону аркылуу жана 116 номери боюнча, ошондой эле аймактык салык органдарына билдирүүгө болот”, – дейт Салык кызматы.

Салыкты төлөбөгөндүгү аныкталган учурда жеке жакка карата КРнын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 8 айында батирди же үйдү ижарага бергендер патенттин негизинде 33.9 млн сом өлчөмүндө салык төлөшкөн. Бул 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3.8 млн сомго көп.

Мындан тышкары окуңуз

Юристтер күнүндө жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт

Юристтер күнүндө жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт

3-июлда Юристтер күнүнө карата жарандарга өлкө боюнча акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт. Юстиция министрлиги билдиргендей, иш-чаранын максаты — жарандардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, акысыз юридикалык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана калктын укуктук маданиятын өнүктүрүү. Бул күнү жарандар укуктук маселелер боюнча акысыз кеңештерди, мыйзамдар боюнча түшүндүрмөлөрдү жана адистердин жардамын ала алышат. Бишкек

Өзбекстандан алынып келинген колбаса Кыргызстанга киргизилген жок

Өзбекстандан алынып келинген колбаса Кыргызстанга киргизилген жок

Ош облусундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы “Достук” чек ара ветеринардык көзөмөл өткөрүү жайында Өзбекстандан ташылып келе жаткан 650 кг колбаса Кыргызстандын аймагына киргизилген жок. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жүктү текшерүү учурунда Чек ара ветеринардык көзөмөл пунктунун тескөөчүлөрү тарабынан Евразия экономикалык биримдигинин ветеринардык-санитардык талаптарынын бузулгандыгы

Балык уулоо үчүн баалар төмөндөтүлөт

Балык уулоо үчүн баалар төмөндөтүлөт

Президенттин Ысык-Көлдө балыкчылар менен жолугушуусунда берилген тапшырманы ишке ашыруунун алкагында Балык өнөр жайы комплекси департаменти спорттук жана ышкыбоздук балык уулоого байланыштуу төлөмдөрдү төмөндөтүүнү караган токтом долбоорун иштеп чыгып, макулдашууга жөнөттү. Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, долбоордун негизги максаты – балык уулоону сүйүүчүлөр үчүн жеткиликтүү жана ыңгайлуу шарттарды

Жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузгандарга  айып пул салынды

Жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузгандарга айып пул салынды

22-июндан 26-июнга чейин Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын тескөөчүлөрү тарабынан рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү. Экологиялык жана техникалык кызматтын маалыматына ылайык, рейддердин негизги максаты – жаратылышты коргоо мыйзамдарынын жана жаратылышты пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарынын сакталышын камсыз кылуу, мыйзам бузууларды аныктоо, алдын алуу жана аларга бөгөт коюу