Учурда социалдык маанилүү товарлардын баасы туруктуу, негизсиз секирүүлөр жок - Экономика министрлиги

Учурда социалдык маанилүү товарлардын баасы туруктуу, негизсиз секирүүлөр жок - Экономика министрлиги

Учурда республикада социалдык маанилүү товарлардын баасы туруктуу, баалардын негизсиз секирүүлөрү жок. Социалдык маанидеги товарлардын запасы жетиштүү, керектөөчүлөр тарабынан толкундануу жок. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Социалдык маанидеги товарлардын рыноктору – бааларды мамлекеттик катуу жөнгө салууну камсыз кылбаган атаандаштык рыноктор. Аталган министрлик кээ бир социалдык маанилүү товарлардын баасынын өсүшү жылына 20%ды түзөрүн жана бир айдын ичинде 3%дан ашпай тургандыгын айтат.

“Баанын төмөндөшү өткөн жумада биринчи сорттогу унга катталды жана республика боюнча орточо эсеп менен ал 43 сомду түздү, кумшекерге, ошондой эле өсүмдүк майына, жашылча өсүмдүктөрүнө баанын төмөндөшү байкалууда. Ошондой эле этке, жемге, буудайга, жумурткага, макаронго, сүткө, майга, нанга жана күрүчкө туруктуу баа сакталууда.

2022-жылдын 30-августуна салыштырмалуу бүгүнкү күндө күйүүчү-майлоочу майлардын айрым түрлөрүнө баа литрине 2.2 сомго арзандады”, – дейт министрлик.

Учурда Жогорку Кеңеште “Баа түзүү жөнүндө” КРнын мыйзамынын долбоору каралып жатат, ал кабыл алынгандан кийин баанын айына 20%га жогорулашын күтпөстөн, социалдык маанидеги товарларга бааларды, ошондой эле үстөмдүк кылуучу субъектилери бар базарларда, башкача айтканда, кант, күйүүчү май, аба каттамдары, уюлдук байланыш жана башкаларга мамлекеттик жөнгө салууну колдонууга мүмкүндүк берет. 


Социалдык маанидеги товарларга бааларды турукташтыруу үчүн төмөнкү механизмдер колдонулат:

  • салыктык жеңилдиктер, атап айтканда айрым товарларга КНСти нөлгө салуу
  • экспортту чектөө (тыюу)
  • Мамматрезервдин (интервенция) алкагында иш жүргүзүү
  • монополияга каршы аракеттенүү (алдын алуу чаралары, анын ичинде келишимдерди түзүү, бааларга мониторинг жүргүзүү жана рыноктун катышуучуларына сунуштарды иштеп чыгуу).

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги “Унаа” ишканасынын айрым бөлүмдөрү эки күн иштебейт

Бишкектеги “Унаа” ишканасынын айрым бөлүмдөрү эки күн иштебейт

Бишкектеги “Унаа” мамлекеттик ишканасынын айрым бөлүмдөрү 31-августта жана 1-сентябрда иштебейт. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди. 31-августта Эгемендүүлүк күнүнө байланыштуу “Унаанын” өлкө боюнча бардык бөлүмдөрү жабык болот. 1-сентябрда аймактык бөлүмдөр өз ишин улантат. Бирок ШКУ саммитине байланыштуу Бишкектеги Аламүдүн, “Биримдик”, Чыгыш жана “Аю Гранд” соода борборундагы

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ош шаарындагы Жетимишов көчөсүндө жайгашкан Барпы Алыкулов атындагы мектептин айланасы иретке келтирилип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекемеге кирип-чыгууга тоскоолдук жараткан унаа жуучу жана башка мыйзамсыз жайгашкан жайлар алып салынууда. Белгиленгендей, мектептин айланасын иретке келтирүү иштери окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кел-Суу көлүнө алып баруучу жолдо оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Учурда туристтик сезонго байланыштуу Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун үстүн сүрүп-тегиздөө иштери күчөтүлдү. Кел-Суу көлүнө туристтер көп баргандыктан, сезондо бул багытта унаалардын агымы көбөйөт. Буга байланыштуу

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

24-августта Жайыл районунда улуттар аралык, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара район акими Имамназар Буркановдун демилгеси менен уюштурулуп, ага район акимдигинин өкүлдөрү, Жайыл РИИБдин башчысы М.Калманбетов, этникалык маселелер боюнча