Жыл башынан бери мамлекеттик ишканалардын кирешеси 9.5 млрд сомдон ашты

Жыл башынан бери мамлекеттик ишканалардын кирешеси 9.5 млрд сомдон ашты

Жыл башынан бери мамлекеттик ишканалардын кирешеси 9.5 млрд сомдон ашты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун директору Мирлан Бакиров билдирди.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун алдын ала эсептөөлөрү боюнча, 2022-жылдын 9 айында мамлекеттик ишканалардын таза кирешеси 1.3 млрд сом, ал эми мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдордун кирешеси 8.5 млрд сомду түзгөн.

«Үстүбүздөгү жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча 8.5 млрд сом күтүлүп жатат. Мамлекеттик ишканалар өткөн жылды 2 млрд сом таза киреше менен аякташты. Быйыл тогуз айдын жыйынтыгы боюнча 1 млрд 300 млн сом түшөрү күтүлүүдө», – деди Бакиров.

Ал кошумчалагандай, бүгүнкү күндө фонд мамлекеттик ишканалар ижарага алган жерлерди аныктоо боюнча иш алып барууда, анын эсебинен былтыркы көрсөткүчтөрдөн ашып кетиши күтүлүүдө.


Маалым болгондой, өткөн жылдын аягында мамлекеттин катышуусу бар акционердик коомдордун жалпы таза кирешеси – 11 млрд сомдон ашык, ал эми мамлекеттик ишканалардыкы – 2 млрд сомдон ашкан болчу.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги “Унаа” ишканасынын айрым бөлүмдөрү эки күн иштебейт

Бишкектеги “Унаа” ишканасынын айрым бөлүмдөрү эки күн иштебейт

Бишкектеги “Унаа” мамлекеттик ишканасынын айрым бөлүмдөрү 31-августта жана 1-сентябрда иштебейт. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди. 31-августта Эгемендүүлүк күнүнө байланыштуу “Унаанын” өлкө боюнча бардык бөлүмдөрү жабык болот. 1-сентябрда аймактык бөлүмдөр өз ишин улантат. Бирок ШКУ саммитине байланыштуу Бишкектеги Аламүдүн, “Биримдик”, Чыгыш жана “Аю Гранд” соода борборундагы

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ош шаарындагы Жетимишов көчөсүндө жайгашкан Барпы Алыкулов атындагы мектептин айланасы иретке келтирилип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекемеге кирип-чыгууга тоскоолдук жараткан унаа жуучу жана башка мыйзамсыз жайгашкан жайлар алып салынууда. Белгиленгендей, мектептин айланасын иретке келтирүү иштери окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кел-Суу көлүнө алып баруучу жолдо оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Учурда туристтик сезонго байланыштуу Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун үстүн сүрүп-тегиздөө иштери күчөтүлдү. Кел-Суу көлүнө туристтер көп баргандыктан, сезондо бул багытта унаалардын агымы көбөйөт. Буга байланыштуу

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

24-августта Жайыл районунда улуттар аралык, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара район акими Имамназар Буркановдун демилгеси менен уюштурулуп, ага район акимдигинин өкүлдөрү, Жайыл РИИБдин башчысы М.Калманбетов, этникалык маселелер боюнча