2021-жылы Кыргызстандын чек арасын 3 млн чет элдик жаран кесип өткөн

2021-жылы Кыргызстандын чек арасын 3 млн чет элдик жаран кесип өткөн

2021-жылы Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан 3 миллиондон ашык чет элдик жаран өткөн. Өткөн жылга карата мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет Чек ара кызматына шилтеме берүү менен билдирди.

Ведомстводон билдиришкендей, чек араны кесип өткөндөр негизинен Өзбекстандын, Казакстандын, Россиянын жана Тажикстандын жарандары болгон.

2021

2021-жылы Кыргызстанга 1.3 млн турист келген, бул 2020-жылга салыштырмалуу 2.9 эсеге көп. Туристтердин жалпы санынан 622 миң адам уюштурулган туризм тармагы менен келген. Көрсөткүчтөрдүн өсүшү коронавирустук пандемияга байланыштуу чектөөлөрдүн алынып салынышына байланыштуу болгон.

2022

Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) баяндамасында 2022-жылдын жети айында Кыргызстанга 3.8 млн турист келгени, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көп экени айтылат.

АӨБ белгилегендей, мунун аркасында кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 3.5%га өскөн, ал эми тамак-аш жана мейманкана секторунда өсүш 12.5%ды түзгөн.

Эске салсак, Улутстаткомдун маалыматы боюнча, быйылкы жылдын биринчи жарымында Кыргызстандын чек арасынан өткөн чет элдик жарандардын саны 2.6 млн адамды түзгөн.

Мында 97% же 2.5 млн адам КМШ өлкөлөрүнөн келген. Алардын көпчүлүгү Өзбекстандын, Казакстандын жана Россиянын жарандары катары катталган.

Ал эми КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келген чет элдик жарандардын саны 74 миңден ашып, өткөн жылдын биринчи жарымына салыштырмалуу 1.8 эсеге өскөн. Алардын көпчүлүк бөлүгү Түркия, Германия, АКШ, Индия, Кытай, Монголия жана Сауд Арабиясынан келишкен.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ош шаарындагы Жетимишов көчөсүндө жайгашкан Барпы Алыкулов атындагы мектептин айланасы иретке келтирилип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекемеге кирип-чыгууга тоскоолдук жараткан унаа жуучу жана башка мыйзамсыз жайгашкан жайлар алып салынууда. Белгиленгендей, мектептин айланасын иретке келтирүү иштери окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кел-Суу көлүнө алып баруучу жолдо оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Учурда туристтик сезонго байланыштуу Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун үстүн сүрүп-тегиздөө иштери күчөтүлдү. Кел-Суу көлүнө туристтер көп баргандыктан, сезондо бул багытта унаалардын агымы көбөйөт. Буга байланыштуу

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

24-августта Жайыл районунда улуттар аралык, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара район акими Имамназар Буркановдун демилгеси менен уюштурулуп, ага район акимдигинин өкүлдөрү, Жайыл РИИБдин башчысы М.Калманбетов, этникалык маселелер боюнча

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Бука районунун Төрөгелди Балтагулов айыл аймагына жалпы 19 млн 437 миң сомго атайын техникалар жана автоунаа сатып алынды. Бул тууралуу аймактык мамлекеттик админстрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, райондук өнүктүрүү фондунун каражатынан 18 млн 287 миң сомго үч атайын техника алынган. Алардын катарында 10 млн 300 миң сомдук экскаватор, 4 млн