Беларустук компания Караколдо таштандыларды кайра иштетүүчү завод курат

Беларустук компания Караколдо таштандыларды кайра иштетүүчү завод курат

Беларустун «Сифания Экотехника» компаниясы Каракол шаарында Кыргызстандагы алгачкы таштандыларды кайра иштетүүчү завод курат. Бул тууралуу Каракол шаарынын мэри Эрмат Жумаев Facebook баракчасында билдирди.

Анын айтымында, мэрия тарабынан «Өнүгүү чекити» долбоору даярдалып, ага президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров колдоо көрсөтүп, республикалык бюджеттен каражат бөлгөн.

Долбоордун каржы маселеси чечилип, быйыл мамлекет 135 млн сомго тендер жарыялаган, натыйжада, 111 млн сомго тендерди «Сифания Экотехника» компаниясы утуп алган. Калган 24 млн сом заводдун аймагындагы ангар курууга жана башка иштерге кетет.

«Ноябрь айында бардык керектүү жабдуулар алынып келинип, жумушчуларды окутуу процесси декабрь айында башталат. Бул долбоордун негизинде 40-50 жумушчу орун түзүлөт. Таштандыларды сорттоо учурдагы таштанды таштоочу жайда, кайра иштетүү “Тазалык” муниципалдык ишканасында жүргүзүлөт”, – деп жазган Жумаев.

Мындан тышкары окуңуз

Сузактын Кара-Булак айылында 99 млн сомго жаңы мектеп курулду

Сузактын Кара-Булак айылында 99 млн сомго жаңы мектеп курулду

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Булак айылында 150 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады. Объект Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан республикалык бюджеттин эсебинен курулуп, анын жалпы наркы 99 миллион сомду түздү. Курулуш иштери 2025-жылы башталган. Учурда эки кабаттуу мектеп имараты толугу менен бүткөрүлүп, айланасын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Долбоорго

Ош облусу менен Иркутск облусу кызматташат

Ош облусу менен Иркутск облусу кызматташат

6-августта Ысык-Көл облусунун Бостери айылында президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев менен Россия Федерациясынын Иркутск облусунун губернатору Игорь Кобзевдин эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу облустук ыйгарым өкүлчүлүктөн билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгүнүн алкагында аймактар аралык кызматташтыкты мындан ары чыңдоо маселелерин талкуулашып,

Бишкекте жүзгө жакын көчө оңдолууда

Бишкекте жүзгө жакын көчө оңдолууда

Бишкекте жүзгө жакын көчөдө оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка караганда, оңдолуп жаткан жолдун 99у автоунаа жолдору, ал эми 21и – тротуарлар. Ошол эле учурда 56 объектиде иштер толугу менен аяктады. Алардын ичинен 43ү – жол тилкелери, 13ү – тротуар. * Ленин районунда 20 көчөдө иштер башталып, анын 5

Накталай рубль боюнча жагдайга Улуттук банк түшүндүрмө берди

Накталай рубль боюнча жагдайга Улуттук банк түшүндүрмө берди

Акыркы күндөрү Кыргызстанда айрым коммерциялык банктардын накталай орус рублин кабыл алууну чектегени тууралуу коомчулукта талкуу жаралды. Өзгөчө туристтик сезон кызуу жүрүп жаткан учурда бул жагдай россиялык туристтер үчүн ыңгайсыздык алып келиши мүмкүн деген кооптонуулар социалдык түйүндөрдө жарыяланууда. Ушуга байланыштуу “Ишкер медиа” КРнын Улуттук банкына кайрылып түшүндүрмө алды. Улуттук банктын басма