Быйыл айыл чарба тармагына 26 млрд сом каражат бөлүнгөн

Быйыл айыл чарба тармагына 26 млрд сом каражат бөлүнгөн

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо маселеси боюнча жыйын өткөргөнүн минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Ал жыйында бул жылы айыл чарба тармагына бөлүнгөн каражаттар тууралуу сөз кылган.

“Төрөбаев үстүбүздөгү жылы айыл чарбасын өнүктүрүүгө 26 млрд сом, анын ичинде кластердик каржылоого 10 млрд сом, 6%дык жеңилдетилген насыяларды берүүгө, ирригацияга 1,7 млрд сом, сапаттуу үрөн сатып алууга 1.5 млрд сом бөлүнгөн, жер семирткичтерди сатып алууга 1 млрд сом, айыл чарба техникаларын лизингге берүүгө кошумча 271 млн сом бөлүнгөнүн белгиледи”, – деп айтылат маалыматта.

Оперативдүү маалыматтар боюнча буудайдын орточо түшүмдүүлүгү 27.7 центнерди (өткөн жылы гектарына 14.7 центнерден) түзгөн. Төрөбаев республика боюнча 233.7 миң гектардан буудай (99.8%) жыйылганын белгиледи.


Кошумча окуңуз:

Бул жылы Кыргызстанда буудай азыраак, пахта көбүрөөк эгилди

Кыргызстан Россиядан негизги азык-түлүктүн үчтөн бир бөлүгүн импорттойт. Буудай, кант… Дагы эмнелер келбей калат?

Мындан тышкары окуңуз

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ош шаарындагы Жетимишов көчөсүндө жайгашкан Барпы Алыкулов атындагы мектептин айланасы иретке келтирилип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекемеге кирип-чыгууга тоскоолдук жараткан унаа жуучу жана башка мыйзамсыз жайгашкан жайлар алып салынууда. Белгиленгендей, мектептин айланасын иретке келтирүү иштери окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кел-Суу көлүнө алып баруучу жолдо оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Учурда туристтик сезонго байланыштуу Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун үстүн сүрүп-тегиздөө иштери күчөтүлдү. Кел-Суу көлүнө туристтер көп баргандыктан, сезондо бул багытта унаалардын агымы көбөйөт. Буга байланыштуу

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

24-августта Жайыл районунда улуттар аралык, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара район акими Имамназар Буркановдун демилгеси менен уюштурулуп, ага район акимдигинин өкүлдөрү, Жайыл РИИБдин башчысы М.Калманбетов, этникалык маселелер боюнча

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Бука районунун Төрөгелди Балтагулов айыл аймагына жалпы 19 млн 437 миң сомго атайын техникалар жана автоунаа сатып алынды. Бул тууралуу аймактык мамлекеттик админстрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, райондук өнүктүрүү фондунун каражатынан 18 млн 287 миң сомго үч атайын техника алынган. Алардын катарында 10 млн 300 миң сомдук экскаватор, 4 млн