«Макмалалтын» комбинатынын кызматкерлери 2 млн сомдук баалуу материалдарды жок кылышкан

«Макмалалтын» комбинатынын кызматкерлери 2 млн сомдук баалуу материалдарды жок кылышкан

Башкы прокуратура Жалал-Абад облусунун прокуратура органдары тарабынан “Кыргызалтын” ААКтын “Макмалалтын” комбинаты филиалында текшерүү жүргүзүлгөнүн кабарлады.

“Текшерүүдө, “Макмалалтын” комбинаты филиалынын жана “Кыргызалтын” ААКтын «Кыргызалтын-курулуш» филиалынын жооптуу кызмат адамдары тарабынан жалпы 2 млн 143 миң сомдук материалдык баалуулуктар жок кылынгандыгы аныкталган”, – дейт аталган органдын маалымат кызматы.

Аталган факты боюнча Тогуз-Торо райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-Жаза Кодексинин 245-беренеси (“Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу”) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 8 автобустук каттамдын багыты өзгөртүлөт

Бишкекте 8 автобустук каттамдын багыты өзгөртүлөт

Бишкек шаарынын мэриясы коомдук транспорттун ишин жакшыртуу жана жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жогорулатуу максатында автобустук каттамдарды оптималдаштыруу иштерин улантууда. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык,1-июлдан тартып борбор калаадагы №100, №101, №13, №33, №40, №44, №104 жана №226 автобустук каттамдардын кыймыл чиймесине өзгөртүүлөр киргизилет. Өзгөртүүлөр коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, каттамдардын натыйжалуулугун

Кадамжайдагы Кожо-Ашкан дарыясы 35 млн сомго бекемделди

Кадамжайдагы Кожо-Ашкан дарыясы 35 млн сомго бекемделди

Баткен облусунун Кадамжай районунун Кожо-Ашкан дарыясынын 880 метр аралыгы бекемделди. Анын ичинен Чоң-Гара айылында 500 метр, Кызыл-Коргон айылында 380 метр бекемделди. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Бул жумуштар үчүн 2025-жылы республикалык бюджеттин эсебинен 20 млн сом, 2024-жылы Баткен облусун Өнүктүрүү фондунан 15 млн сом акча

Жаңы тез жардам унаалары сатылып алынат

Жаңы тез жардам унаалары сатылып алынат

Тез жардам кызматынын иши менен жеринен таанышуу максатында Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Бишкек шаардык Тез жардам борборуна барды. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, министр диспетчердик борбордун иши, чакырууларды кабыл алуунун автоматташтырылган системасы жана бригадалардын ишин координациялоо тартиби менен таанышты. Иш сапардын жүрүшүндө жол-транспорт кырсыгы тууралуу чакыруу түшүп, министр

Чектеш өлкөлөр атайын жөнөтүүлөрдү алмашуу маселесин талкуулашты

Чектеш өлкөлөр атайын жөнөтүүлөрдү алмашуу маселесин талкуулашты

Ички иштер министрлигинде чектеш мамлекеттер ортосунда атайын жөнөтүүлөрдү чек ара аркылуу алмашууну уюштуруу жана өркүндөтүү маселелерине арналган жумушчу жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Иш-чарага ички иштер министринин орун басары Сүйүнбек Ниязбеков, Фельдъегердик кызматынын жана «Фельдъегердик кызматтын Атайын байланыш кызматы» мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги, ошондой эле