Президенттин маалымат кызматы Кемпир-Абад суу сактагычы тууралуу так маалымат берген жок

Президенттин маалымат кызматы Кемпир-Абад суу сактагычы тууралуу так маалымат берген жок

Президент Садыр Жапаров кечээ, 4-октябрда, Ош облусунун Өзгөн районунун тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Берилген маалыматта жергиликтүү калкка кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы чек ара маселелерине жана “Кемпир-Абад” суу сактагычына байланыштуу кеңири маалымат берилгени гана айтылат.

Бирок эл менен жолуккан Жапаровдун Өзгөндүктөргө Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эмне дегендиги тууралуу эч бир маалымат берилген жок.


Эскерте кетсек, 29-сентябрда Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын алдына ондогон адам чогулуп, Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылышкан.

Алар Ташиев менен Өзбекстандын премьер-министри тарабынан кол коюлган 36-протокол боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кылышкан. Анткени буга чейин социалдык түйүндөрдө аталган суу сактагыч Өзбекстанга өтөт экен деген кептер тараган.

Жыйынтыгында, президент Жапаров Өзгөн шаарына барып, жабык эшик артында эл менен жолуккан. Ошондой эле аталган жолугушууда активисттердин телефондору өчүрүлгөнү айтылган.

Фейсбуктагы Кемпир_Абад суу сактагычын коргоо кыймылы деп аталган тайпада кире албай, эшикте чогулуп күтүп турган элге президент кол да булгабастан карабай кетип калган видеолор жарыяланды.

Тагыраак айтканда, президенттин Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга кетпей тургандыгы тууралуу сөзү же Өзбекстан менен кол коюлган протокол тууралуу так маалымат берилген жок.

Төмөндө T-Media маалымат порталынын вдиеосу келтирилет.

Эскерте кетсек, КР жана Өзбекстан Республикасынын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялары тарабынан протоколго кол коюлган. Бул кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелери жөнүндө жаңы келишимдин долбоорун макулдашуу процедурасын баштоого мүмкүндүк берет.

Кыргыз тараптан документке КР УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов кол коюшкан.

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарба жана ишкердикти колдоого алты айда 7,6 млрд сом насыя берилди

Айыл чарба жана ишкердикти колдоого алты айда 7,6 млрд сом насыя берилди

Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен "Элдик Банк" ААК биргеликте ишке ашырып жаткан мамлекеттик жеңилдетилген каржылоо программаларынын алкагында 7 млрд 606,1 млн сом көлөмүндө насыя берилди. Министрликтин маалыматына ылайык, алты ай ичинде жалпысынан 5 миң 690 жеңилдетилген

Бишкекте автокраны оодарылган компанияга 200 миң сом айып салынды

Бишкекте автокраны оодарылган компанияга 200 миң сом айып салынды

Бүгүн Бишкек шаарынын Арстанбек Дүйшеев көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу турак жайдын курулуш аянтчасында жүк көтөрүүчү автокран оодарылып кетти. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, окуя тууралуу кабар түшөрү менен министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти тарабынан ыкчам текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында

Мамлекеттик кызматтагы кадр саясаты боюнча аткарылган иштер талкууланды

Мамлекеттик кызматтагы кадр саясаты боюнча аткарылган иштер талкууланды

Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттик 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарды. Аталган мамлекеттик агенттиктен билдиришкендей, жыйында мамлекеттик жана муниципалдык кызматты өнүктүрүү, кадр саясаты, санариптештирүү, тестирлөө, ошондой эле "Санарип аймак" жана e-Kyzmat системаларын ишке ашыруу боюнча аткарылган

Баткендеги бир катар көпүрөлөр оңдолот

Баткендеги бир катар көпүрөлөр оңдолот

Баткен шаарындагы Курук-Сайдагы көпүрөлөр оңдолот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевдин Баткен шаарына болгон иш сапарынын алкагында Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен өткөн жолугушууда айтылды. Маалыматка ылайык, жолугушууда шаардагы сел коркунучу бар аймактардын учурдагы абалы талкууланып, өзгөчө сел өтүүчү Курук-Сайдагы көпүрөлөрдүн