Жогорку Кеңештин төрагалык кызматына Нурланбек Шакиев шайланды

Жогорку Кеңештин төрагалык кызматына Нурланбек Шакиев шайланды

Жогорку Кеңештин төрагалыгына депутат Нурланбек Шакиев шайланды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Жогорку Кеңештин төрагасы болуп депутат Нурланбек Шакиев шайланды. Анын талапкерлигине Жогорку Кеңештин 80 депутаты добуш берди.

Бул боюнча ЖКнын тиешелүү токтому кабыл алынды.

Шакиев 1977-жылы Жалал-Абад облусунун, Аксы районундагы Кара-Жыгач айылында туулган. Жогорку билимдүү.

Ишмердүүлүгүн “Обон”, “Учкун”, “Эркин Тоо” гезиттеринде редактор болуудан баштап, кийин Транспорт министрлигинде жана мурдагы президент Курманбек Бакиевдин маалымат катчысы болуп иштеп келген. 2010-жылы Маданият жана маалымат министри болуп, андан кийин телеканалдарда эмгектенип келген. 2021-жылы Аксы шайлоо округунан Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланган жана ал «Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынын лидери.


Эске салсак, бүгүн, 5-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Талант Мамытов Жогорку Кеңешинин төрагасы кызмат ордунан өз каалоосу менен кеткен болчу. 

Мамытов өлкөдөгү коомдук-саясий абалды турукташтыруудагы парламенттин ролу маанилүү экенин белгилеп: “Жогорку Кеңеш ар дайым эң оор мезгилде жоопкерчиликти мойнуна алып, өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн өз милдетин так аткарып келген», – деди жана сөзүнүн аягында ал кесиптештерине көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, бул кызматтан кетүү чечими өз каалоосу менен кабыл алынганын белгилеген.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ош шаарындагы Жетимишов көчөсүндө жайгашкан Барпы Алыкулов атындагы мектептин айланасы иретке келтирилип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекемеге кирип-чыгууга тоскоолдук жараткан унаа жуучу жана башка мыйзамсыз жайгашкан жайлар алып салынууда. Белгиленгендей, мектептин айланасын иретке келтирүү иштери окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кел-Суу көлүнө алып баруучу жолдо оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Учурда туристтик сезонго байланыштуу Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун үстүн сүрүп-тегиздөө иштери күчөтүлдү. Кел-Суу көлүнө туристтер көп баргандыктан, сезондо бул багытта унаалардын агымы көбөйөт. Буга байланыштуу

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

24-августта Жайыл районунда улуттар аралык, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара район акими Имамназар Буркановдун демилгеси менен уюштурулуп, ага район акимдигинин өкүлдөрү, Жайыл РИИБдин башчысы М.Калманбетов, этникалык маселелер боюнча

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Бука районунун Төрөгелди Балтагулов айыл аймагына жалпы 19 млн 437 миң сомго атайын техникалар жана автоунаа сатып алынды. Бул тууралуу аймактык мамлекеттик админстрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, райондук өнүктүрүү фондунун каражатынан 18 млн 287 миң сомго үч атайын техника алынган. Алардын катарында 10 млн 300 миң сомдук экскаватор, 4 млн